“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарын: Селден кийинки абал

6 Июнь 2020 жыл 19:51
Көрүүлөрдүн саны: 203

3 — июнда Нарында катталган селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Жашоого мүмкүн болбой калган үйлөр такталып чыгымдар эсептелүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Д. Алимбеков Нарын шаарында иш сапарда

 

Министр иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарында катталган селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

 

 

Нарын шаарында катталган селдин кесепеттерин жоюу иш чаралары улантылууда. Нарын шаарынын Көтөрмө 23 дарегиндеги үй селдин кесепетинен үйдүн ичине суу кирип жашоого мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу, ошондой эле турак жай куруп алганга чейин убактылуу коопсуз жайга көчүрүү үчүн ӨКМден 1 бөлмөлүү контейнер бөлүнүп берилүүдө.

 

3- июнда Нарында жана Тогуз- Тородо катуу жааган жамгырдан улам турак жайларды, көчолөрдү сел каптаган.

Айзат Түмөнбаева