“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Covid-19 кара тумоо оорусуна окшошпу

5 Июль 2020 жыл 11:09
Көрүүлөрдүн саны: 96

Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын ортосундагы Кара -Коо аймагында кара тумоодон кайтыш болгон маркумдар коюлган. Учурда ал жерлерде күмбөз бар экени билинбей кадимкидей айдоо аянттарына айлана баштаган.

Учурдагы кырдаал согуш жылдарындагы кара тумоодон кайтыш болгон кыргынды алып келбейт деп ишенет Ак — Моюн айылынын тургуну Тойгонбай Өмүров. Себеби, ал жылдарга караганда азыр медицина өнүккөн. Болгону вируска каршы дарылоочу каражат табылмайын өзүбүздүн ден соолугубузга кам көрүп, медициналык кызматкерлердин айтуусу менен болушубуз керек дейт биздин маектешибиз

«Коронавирус, Кыргызстандан жогол!» Балдардын кызыктуу видеосу 

Айзат Түмөнбаева