“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Күндүзгү бөлүмдө оорун жетишсиз

14 Июль 2020 жыл 8:52
Көрүүлөрдүн саны: 74

Учрдагы кырдаалга байланыштуу Куланак айылындагы номур 1 үйбүлөлүк дарыгерлер тобунда күндүзгү бөлүм дем алышсыз иштеп жатат. 4 орундуу койкага күнүнү 44 кө чейин адам кайрылып жаткан учур
ҮБД нын сырткы көрүнүшү
Акыркы 2 жумадан бери кайрылгандар абдан көп. Негизинен сасык тумоо жана пневмания менен кайрылып жатышат. Учурда абал өткөндөгүгө караганда тынчып калдык. Нарынга рентгенге жиберип, андан кийин дарылоо курстары жүрүп жатат.Аптекада с витамини жана физ.роствор жок болуп түшпөй да калып жатат. Калган дары дармектер жетиштүү. Негизи күндүзгү бөлүмгө кайрылган оорулу кечке жатыш керек эле оорундук жетишсиз болгондуктан даарыларын алган соң үйлөрүнө кеткенге мажбур болуп жатышат деди мед айым Майрам

Күндүзгү бөлүм

Оорундук жетишпеген абалда


Ал эми айыл ичин түрө кыдырып иштеп жаткан мед кызматкерлердин бири Назира Абдраева:
УБД га келгенге шарты келбесе үйлөрүнө барып карап жатабыз — дейт

Учурда Куланак айылында жана Учкун айылында мед кызматкерлер тынымсыз иштеп жатышат. Эл кылган кызматтарына ыраазычылык билдирет.

Айзат Түмөнбаева