“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылынын эли азыркы кырдаалдан ынтымак менен чыгууну алдыга коюшту

3 Август 2020 жыл 0:37
Көрүүлөрдүн саны: 582

Акыркы айларда өлкөдө болуп жаткан пандемиянын кесепеттерине каршы Нарын облусунун Куланак айылынын эли жана жаштары ынтымакта чогулуп, акча топтоп, пандемия менен күрөшүүгө жумшоону чечишти.

Июль айында жарыяланган «Куланак ынтымагы» акциясына Куланактын чет жердеги улан-кыздарынан тартып, айылдагы жана шаардагы улуу жана кичүү муун катышып, өз салымдарын кошушту.

 

Салымдар каражат жана жабдуу түрүндө келип, ооруканага, мектепке жана бала бакчага бөлүнүп берилди.

Ынтымакташкан эл колдоо акциясынын алкагында 477 568 сом
акчалай чогултушса, демөөрчүлөр 283 500 сомдук жабдууларды
жардамга беришкен. Эл тарабынан чогултулган акча каражатынын
277 750 сомуна төмөндөгүдөй жабдуулар алынган:

Элдин мүдөөсүн жана сунуштары эске алынып, 199 819 сом
калдык акча атайын банк эсебине запаска коюлду. Бул каражаттарды
кырдаалдын жүрүшүнө жараша чыгымдоону туура деп баалашты.

Аталган акциянын демилгечилери Чынара Абдыкадырова жана Нурила Абдыбекова. Ал эми идеяны айылдын жаштары ишке ашырууга көмөк көрсөтүшкөн.

«Мекенге кызмат өтөө — ар бир жарандын атуулдук парзы. Ырыс алды ынтымак дегендей, ынтымак менен бир муштумдай бириксек гана кыйынчылыктарга туруштук берерибиз ар бир адамдын көкүрөгүндө орун алгандыгын дагы бир жолу далилдей алдык.Ата-энелер балдарыбыздын келечеги үчүн деп тынчызданып турса, уул-кыздарыбыз ата-энелерибизге кам көрүү үчүн четте карап турбастан бардыгы жардам көрсөтүү үчүн бул идеяны колдоп, максатыбызга жеттик.

Учурдан пайдаланып бардык айылыбыздын жаштарына,чет жерде эмгектенип жүргөн жарандарыбызга терең ыраазычылык билдирип кетээр элем.Мекенибиз үчүн кам көргөн ар бириңиздерге таазим!»-дейт демилгечилердин бири мектеп директору Чынара Абдыкадырова.

Дагы бир уюштуруу тобунун мүчөсү Нурила Абдыбекова
ынтымактык идеясынын келип чыгуусу боюнча төмөндөгүлөргө
токтолду:

«Кырдаал бүткүл дүйнө элине таасир берип жатканда, биз да
кичи мекенибизди колдоо, ынтымак менен бири-бирибизге болгон
камкордукту арттыруу максатында биригүү демилгесин көтөрүп
чыктык.

Куланак деп жүрөгү соккон ар бир инсандын тилеги эл-жерине
жардам берүү экен, тилектештердин баары бул идеяны колдоду. Элибиз
чыныгы ынтымактыкты жана биримдикти көрсөттү. Жаштарыбызга
улуу муун ак батасын берип, бири-бирибизге ыраазычылык билдирип,
адамга адам керектигин белгиледик. Бул келечек муундар үчүн чоң
тарбия жана жол көрсөтүү болду»,-дейт демилгечи.

Ал эми оорукана дарыгери Сапаркул Турдалиева:

«Биринчиден ушул демилгени көтөрүп, иш алып барып жаткан бардык инсандардарга терең ыраазычылык айткым келет. Көрсөтүлүп жаткан жардам бизге, дарыгерлерге, күч кубат берип жатат десем жаңылышпайм. Ушундай оор кырдаалда ооруну айыл эли биргеликте ынтымак менен чечип жатканыбыз мени кубантып жатат»,-дейт медайым.

Бул ынтымактыктын аркасында айылдын жаштары «Куланак ынтымагы» фондун расмий каттап, эл үчүн бирдиктүү иш алып барууну пландашты.

Куланактагы күндүзгү бөлүмдө орун жетишсиз
Самара Рыскелдиева