Жумушсуздук күч алган мезгилде «Эмгек биржасын» түзүп, 200 адамдын башын бириктирип, иштешип жаткан Эсенбек мырза «Байбол» подкастынын коногу. Кызмат көрсөтүүнүн 56 түрү бар жана чакыруу менен кызмат кылган адамдар иштеген ишине ыраазы.
«Байбол» подкастынын автору Айзат Түмөнбаева «Сорос Кыргызстан» фонду тарабынан уюштурулган «Подкаст даярдоо» темасындагы тренинге катышып, колдоо алган. Кыргызча подкастарды Google жана Apple Podkast тиркемелеринен таап укса болот.