“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Учкун: Байкоочунун көз карашы

4 Октябрь 2020 жыл 20:52
Көрүүлөрдүн саны: 89

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө Куланак жана Учкун айылдары карайт. Учкун айылында жайгашкан  №4052 шайлоо участогундагы Kloop медиа коомдук фондунан атынан байкоочу болуп келген Элина Асанакунова менен маек.


«Шайлоо абдан тынч. Бардык эрежелер сакталып жатат. Санитардык эрежелер да сакталып, ар бири ирээти менен кирип жаткан кези».

Сиз ичинде кандайдыр бир мыйзам бузууну же башка нерселерди байкай алган жоксузпу? Мисалы, атайын эле шайлоого кирбей коюу же болбосо айрым адамдар эмнеге киргизбей калгандарын көрдүк. Ошолор эмнеге киргизилбей калды ?

№4052 шайлоо участогу

-Атайын киргизбей койгон учурлар байкалган жок. Бирок кээ бир адамдар биометрикадан өтпөгөндүктөн, кайра кетип жатышты, жана ошондой эле тизмеден өзүн текшербей калгандарда кетип жатышты. Кээ бир адамдар тизмеде жок болуп калып жатты.

 

кечки саат 18:40

«Мурда келип текшерип карап койсо болмок экен деген ойдомун»

— Комиссия мүчөлөрүнүн ишин канчалык деңгээлде деп бааласак болот?

Санитардык эрежелер так аткаруу маанилүү

-Жакшы деп айтсак болот. Анткени эч кандай такалып калуулар болгон жок. Тыгын жаралбай эле шайлоо жүрүп жатат.

 

Найзабек Мукамбетов, Айзат Түмөнбаева