“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Окуучулар мугалимдерин өзгөчө куттукташты

5 Октябрь 2020 жыл 0:29
Көрүүлөрдүн саны: 167

Билим берүү мекемелеринде дистанттык окуу болуп жатканы баарына маалым. Бирок окуучулар «Мугалимдер күнүн» унутуп калбастан А.Аралбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчү классы мугалимдерине жагымдуу маанай тартуулашты.

 

Аталган мектептин окуучулары класс жетекчиси Тоюнкүл Ашыралиеванын демилгеси менен мектепте иштеп жаткан жана ардактуу эс алуудагы агай — эжейлеринин үйлөрүнө барып куттукташты. Буга себеп «Мугалимдер күнү» эс алуу күнүнө туш болуп калгандыгы жана учурдагы карантин абалы.  Жалпысынан 42 мугалимге кызуу куттуктоо узаткан айрым көз ирмемдер.

Тарых мугалими Замира Байсубанова

 

Башталгыч классмугалими:Толкун Абиева

Математика мугалими: Атыркүл Жолбунова

Мектептин китеп каначысы: Асылкүл Абдыраимова

Дене тарбия мугалими: Назарбек Мусалиев

Тарых мугалими: Таалайбек Нурдинов

Учурдагы абалга байланыштуу мугалимдедин кесиптик майрамы экенин унуткарып койгон мугалимдер үчүн өзгөчө куттуктоолор болду. Ар бир куттуктоону кабыл алган мугалим окуучуларга батасын берип узатып жатышты.

 

 Жаркынай Эсенгулова