“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Салттуу окуу калыбына келе баштады

20 Октябрь 2020 жыл 15:37
Көрүүлөрдүн саны: 65

Нарын районунда 15- октябрдан баштап, жалпысынан  34 мектептерде 1-6 класстар үчүн салттуу окуу жүргүзүлө баштады. Алардын ичинде Куланак айылында жайгашкан Абдылда Аралбаев мектеби бар.

Коронавирус пандемиясы жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, айрым аймактагы өзгөчө абал режимдерине байланыштуу мектеп окуучулары 2020-жылдын 8-апрелинен тарта дистанттык окуу формасына өтүшкөн.Бул үчүн Билим берүү министрлиги окуу материалдарын электрондук формада көчүрүп, аларды окуучуларга теле жана интернеттин жардамы менен окутула баштаган.

2020-2021- окуу жылы да ушундай формада эле окуучуларды окутулуп баштады. Жалгыз гана 1-класстын окуучулары мектепке барып, бардык санитардык нормаларды, аралыктарды сактап өз билимин мектеп партасында алышкан. 15-октябрдан тарта Нарын районуна караштуу мектептер 1-класстан 6-класска чейинки окуучуларын салттуу формада окуулары башталды.

Куланак айылынын А.Аралбаев атындагы орто мектеби окуучуларга билим берүү үчүн бардык шарттары бар жана кучак жайып тосуп алган. Мектепке келгенде окуучулар сөзсүз түрдө медициналык маска тагынышып, температурасы текшерилип, дезикфенцияланып, жана белгилүү аралыкты сактоо үчүн шахматтык түрдө парталарда отуруп окуушуда. Ар сабактын аралыгында окуу бөлмөсү желдетилип, тазаланып, санитардык эрежелер турууда.

Мектептин уюштуруучусу Гульнур Солтобаева төмөндөгулөргө токтолду :

«Жалпысынан мектеп боюнча сабакка 232 окуучу салттуу окууга келип жатышат. Буларды 2 сменге бөлүп окутулуп жатат. Биринчи сменге 113, ал эми экинчи сменге 119 окуучу келип окуп жатышат».


Окуучулардан «Дистанттык окуу жактыбы? Же өзүбүздүн салтту турдөгү окуу жакшы бекен?» деген суроого «Албетте аралыктагы окуунун өзүнүн жакшы жактары бар экен, бирок мектепке келип, эженин маңдайында өтүлүп жаткан теманы толук түшүнүп, суроо берип, кайтарым байланышта болуп, досторуң менен биргеликте окуган жакшы экен. Мугалим эже-агайларыбыздын үзүрлүү эмгектерин жана кадырын ушул аралыкта окуганда толугу менен түшүндүк окшойт,» деп өз ойлорун айтышты.

Ал эми ошол эле дистанттык формада окууларын улантышкан жогорку класстын окуучулары мектепти сагынганын, өлкөдө абал мындан да жакшырып, оорудан алыс болуп, мектепке барып окууларын улантуусун чыдамсыздык менен күтүп жатаарын айтышты.

Бирок, окуучулар жана мугалимдер мектеп ичиндеги сакталуучу эрежелерди билүүсү абзел.

Айзат Тумөнбаева