“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Учкун айыл өкмөтүндө экинчи толкунга даярдык көрүлүүдө

4 Ноябрь 2020 жыл 20:23
Көрүүлөрдүн саны: 62

Учкун айыл өкмөтү пандемиянын экинчи толкунана даярдык катары обсервация үчүн орундуктарды даярдап жатат.

Айылдын чок ортосунда жайгашкан 2 кабаттуу оорукананын бири Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, экинчиси  Жеңиш Султанова атындагы оорукана жайгашкан. Айылда эл тынч болгону менен 2 толкунга даядыктар жүрүп жатканын айтылууда.

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин  убактылуу ыйгарым укугун аткаруучу Тилебек Жумабаев төмөндөгүлөргө токтолду:

Тилебек Жумабаев

ҮБД тобунда 5 койка,  5 дем алдыруучу аппараттары менен даярдалган.  Ал эми үстүнкү кабатта 10 орундук даяр. Бул даярдыктар июль айындагы толкундан кийин,  калктын ден- соолугуна алдын ала шарт түзүлүшү керектиги сабак болуп, айылда абал тынч болсо дагы бардык шарттар түзүлүүдө.

«Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейине негизи 50 орундук койка дайындалат деген план бар. Бүгүнкү күндө 17 койка даяр», — дейт кесиптик лицейдин директору Рүстөм Жумабаев.

№86 кесиптик лицейиндеги орундуктар

№86 кесиптик лицейи

Учкун айылындагы абал менен айыл башчы Жумакадыр Исмаилов төмөндөгүчө билдирди:

«Айылдагы ФАП ка 3 орундук даяр. Мечитке 14 орундук коюлду. Мечиттин абалы жакшы. Жылуу таза. Азыр айылда абал тынч».

Учкун айыл мечитинин ичи

мечиттин ички көрүнүшү

ҮБДтобунун клиникалык жетекчиси Сайрагүл Асанованын  айтымында айылда абал тынч.

Куланак ынтымагы менен келген инвентарлар

Дары- дармектин запасы бир жарым айга жетиштүү. Күндүзгү бөлүмдө бүгүнкү күндө 1 адам дарыланып жатканын жана анын анализдери таажылуу вируска карата таза чыкканын баса белгиледи.

Куланак айылында №1 үй- бүлөлүк дарыгерлерине, калктын аярлуу катмарына эмдөө жүргүзүлдү. 

Айзат Түмөнбаева