“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Пандемия айылдык мечиттеги тартипти өзгөрттүбү?

12 Ноябрь 2020 жыл 19:40
Көрүүлөрдүн саны: 78

Март, апрель айларында карантин жарыяланып, маркумду жайына берүүдө чоң өзгөрүүлөр болгон. Учурда ошол абалды эл карманып жатабы.

Куланак айылынын имамы Кенжебек Иманов апрель айындагы маегинде маркумдарды коюуда бир топ жеңилдиктер болуп калганын айтты эле. Азыр күркүрөгөн күздө аш тойдун учуру, айылда абал кандай деген теманын үстүндө маек курдук.

Өткөндө карантин учурунда маркумду жайына берүүдө ысырап корчулук жоюлду дедиңиз эле. Учурда абал кандай?

— Учурда абал мурунку абалына эле түштү, мисалы мал сою боюнча алсак бодо мал союлуп эле атат, маркумду жашыруу боюнча бир күнгө эрте койгонго көндүк, элдердин келүүсү көп эле аралыктар сакталган жок.

Сиздин оюңуз кандай. Мурунку абал менен кеткен жакшыбы же карантин убагындагы тартиппи?

— Карантин учурундагы абал жакшы болчу, ошондой абалга өтсөк жакшы болмок, мисалы үй ээлерине аябай эле жеңил болмок,кудай буйурса ошол  абал өтүүгө аракет кылабыз.
— Учурда пандемияга карата Куланак айылындагы мечитте кандай иш чаралар жүрүп жатат?

—  Ал жөнүндө эч кандай иш кылган жокпуз. Болгону келген элдерге түшүндүрүү иши болуп атат.

— Мечитке кирип чыгууда эч кандай көзөмөлдөр коюлган эмеспи?

— Ал жагы каралган. Аралыкты сактоо, антисептик колдонуу.
— Маегиңизге чоң рахмат!

 

 

Айзат Түмөнбаева