Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткен. Учурда Учкун жана Куланак айылдары мезгил- мезгили менен суусуз калып жаткан кездери.
Советтер союзунда курулган суу түтүктөрү 1970 -жылдарга таандык. Иштөө мөөнөтү 50 жылга чейин берилген суу түтүктөрү бүгүнкү күндө ар кай жерлерден жарылып айыл тургундарына көптөгөн түйшүктөрдү жаратып келет.
Суу түтүктөрү жарылганда айылда 3-7 күнгө чейин суу тартыштыгы жаралат.
Бул жолу суу Куланак айылынын Нурбай чөлкөмүнөн баштап, Учкун айылы толугу менен ремонт иштери бүткүчө таза суу чыккан жок.
Негизинен жалпы эл суусуз калбаш үчүн кайсы жерге ремонт керек болсо ошол чөлкөмдүн суусун жапканга туура келет.
Мындай көрүнүш айыл элдерине көнүмүш адат эле болуп калган. Суу түтүктөрүн реконструкциялоо иштери болот деп үмүттөнүшөт айыл элдери.
Куланак: Калкты тейлөө онлайн жүргүзүлөт
Айзат Түмөнбаева