Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев мектебинин 7- классынын окуучусу Актан бош убактысында пластилинден каармандарды жасайт. Ал бала бакчадан үйрөнгөн өнөрүн карантинде улантып ар түрдүү персонаждарды жасаган.
Март айынан баштап каникулга тараган окуучулардын баары эле эмне менен алек болоруна көздөрү жетпей үйдө бош калышкан. Ал эми Актан пластилинден ар кайсы каармандардын образын жаратканды адатка айлантып алган.
Биз анын жасаган иштеринин арасынан кемени байкай алдык. Актандын айтышынча кемени кичинесинен эле жасачу. Бирок азыр тажрыйбалуу болуп калгандыктан майда детальдан бери жасап чыккан.
Кемени жасоо үчүн ютубдан видео көрүп, жарым саатта жасаган. Ал эми эң аз кетирген убактысы 5 мүнөт.
Ал жасаган персонаждарды көрүп жүргөн кино жана мультфильмдерден тандарын айтты.
Алгач бир эле пластилинди кайра — кайра иштетчү. Талантын байкаган ата — энеси пластилинди көп алып беришип, жасаган эмгектерин чогулта баштаган.
Чыны менен музыка ойногон 9 жаштагы Нурислам тууралуу окуңуз
Айзат Түмөнбаева