“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Мектепте салттуу окууга даярдык жүрүүдө

4 Декабрь 2020 жыл 18:12
Көрүүлөрдүн саны: 199

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев мектебинде салттуу окууга өтүү үчүн бардык шарттар каралып жатат. Алардын ичинде кол жуучу кабинет да бар.

Мектепте жалпысынан 572 окуучу окуйт. Алардын тазалыгына шарт түзүү үчүн ашкананын жанына 9 орундуу раковиналар, аристону менен коюлду.

Раковиналарды коюу учуру

Айыл өкмөтүнөн тазалыкка шарт түзүү боюнча 49000 сом каражаты бөлүнгөн. Ал эми жылуу  суу үчүн Чоюн Өмүралиев  аристон алып берген. Андан тышкары монтаждоо иштерине жана кем карчтары үчүн мектептин камкордук чарбасынан да акча жумшалды.

Суу жылыткычты орнотуу

Ремонт учуру

Кол жуучу жайлар

Орнотуу, кафельдөө жана монтаждоо жумуштарын мектептин тех кызматкерлери акысыз жасашкан.

Буга чейин ашканада башталгыч класстар үчүн 3 раковина жана дааратканада кыздар үчүн 4, балдардын дааратканасында 4 раковина иштеп келген. Учурда жалпысынан 17 раковина тазалыкты сактоо үчүн даярдалды. Пандемия учурунда окууга шарт түзүү үчүн болгон шарт жана талаптар мектеп тараптан аткарылууда.

Куланак: Окуучулар мугалимдерин өзгөчө куттукташты
Айзат Түмөнбаева