“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

«Биз биргебиз» иш чарасынын алкагында

17 Декабрь 2020 жыл 14:12
Көрүүлөрдүн саны: 73

Нарын шаарынын мериясынын буйругу менен 15 — ноябрдан, 15 — декабрьга чейин «Биз биргебиз»  аталыштагы ден соолук жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо айы өткөрүлдү

Нарын шаарындагы №15 «Бактылуу балалык» бала бакчасында  иш чаранын алкагында мастер класс өткөрүлдү. Мастер класска Нарын шаарындагы «Кадам»  коомдук бирикмеси келип, активдүү катышышты.

мастер класс учуру

бир шиш менен иштөө учуру

 

кагаз менен иштөө

«Кадам» коомдук бирикмесинин жетекчиси Шарапат Актанова төмөндөгүлөргө токтолуп өттү:

—  Биздин фонд 2002 — жылы түзүлгөн. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн иштерди жасадык. Учурда биздин каттоодо 103 адам бар. Алардын 30% мектепке барат. Ал эми 35 дайым биздин окуучулар. Атайын билим берүүдө  адистердин жоктугуна байланыштуу ата — энелерди окуудан өткөрүп: тарбиячы, мугалим, ашпозчу кызматтарды биздин тарбиялануучулардын энелери кызмат көрсөтүп келет — дейт.

«Кадам» фондунун дагы бир чоң көйгөйү дайыма туруктуу жайы болбогондуктан кыйынчылыктарын жараларын, быйылкы жылга көптөгөн максаттар коюлуп, бирок пандемиянын таасири менен аткарылбай калганын  баса белгиледи.

Шарапат эже бала бакчанын кызматкерлерин терең ыраазычылык билдирип, ар бир кызматкеринин өзүнчө таланты бар экенине баа берип өттү.

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева