“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

«Мектептерди жакшыртуу программасы» ишин аяктоодо

17 Декабрь 2020 жыл 11:56
Көрүүлөрдүн саны: 109

Нарын району боюнча долбоорго 34 мектеп катышып, алардын ичинен  20 мектеп кичи  гранттык колдоолорду алды.

Бул долбоор коомчулуктун катышуусу менен Кыргызстандагы мектептерди жакшыртуу долбоору деп аталат. Долбоор 2017 — жылы башталып, 2020 — жылы аяктамак. Долбоорго  пилоттук болуп Кыргызстандан 355 мектеп катталган, алыскы тоолу деп да каралган. Нарын облусунан Нарын районунан жалпы 34 мектеп кирген.

Кара — Чий айылы

Долбоорго катышкан мектептерде  коомчулукка баа берүү карточкалар өткөрүлдү  дейт «Ага — Хан» фондунан келген Нурлан Абдыразаков.

Долбоор 3 максаттан турат. Биринчи максаты окутуу максаты. Коомчулуктун катышуусу менен мектептерде окууларды өткөрүү. Мектептеги камкорчулар кеңешинин потенциалын жогорулатуу

Экинчи максаты, мектептерди жакшыртуу максатында чакан гранттарды  берүү.

талкуу учуру

Үчүнчү максаты окутуулардын жана берилген гранттарга анализ жүргүзүү. Долбоордун алкагында көзөмөлчүлөр кеңештин ассоциациясы түзүлгөн. Нарын району боюнча 8 ассоциация түзүлдү аймак — аймак болуп. Алардын ишмердүүлүгү камкорчулар кеңешинин потенциалын жогорулатуу жана мектепке ар кандай инвестицияларды тартуу багытында түзүлдү.

Чакан гранттар конкурстук негизде болду. Район боюнча 20 мектеп катышкан. Ар мектеп өздөрүнүн муктаждыктарын чечип алуу үчүн ар кандай темада жасылды. А.Аралбаев мектеби долбоорго жазылган материалдык техникалык базасын чыңдоодо интерактивная доска (акылдуу доска)деп билдирүү жазылган. Жакынкы арада чечилип мектепке доска келет. Долбоордун каржы булагы Япон өлкөсүндөгү өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнүп, «Бүткүл дүйнөлүк банк» аркылуу жана «Ага — Хан» фонду аркылуу ишке ашырылып жатат.

Эмгек — Талаа айылы

Абдылда Аралбаев мектебинин башталгыч класс мугалими Жазгүл Кадыралиева долбоор боюнча буларга токтолду:

Башталгыч класс мугалими Жазгүл Кадыралиева

«Долбоордун алкагында көп билим алдык. Коомчулук менен тыкыз байланышта болуп, аларга мектептин жетишкендиктери жана муктаждыктары менен кабардар кылып турсак, алар да колун сунуп, жардамга келет экен. Дагы бир жакшы жери жогорку класстын окуучулары тартылгандыктан аларддын пикирин угуп, алардын да көйгөйлөрүн чечүүгө аракет жасап калдык. Окуучуларда эрте эле маселе чечүүгө, өз ойлорун айтышып, долбоорго активдүү катышып берип жатышты».

Мектеп окуучусу Актан пластилинден каармандарды жасайт
Айзат Түмөнбаева