“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Онлайн теле сынакта Учкун айылынын окуучулары баш байгени алышты

25 Декабрь 2020 жыл 22:46
Көрүүлөрдүн саны: 381

 Республикалык «Манас таануу» теле таймашында баш байгени багындырган «Зор баян» тайпасынын курамындагы Марлистин апасы менен маек.

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто  мектеби көп жылдардан бери «Манас таануу» республикалык таймаштарда баш байгени багындырып келет. Быйылкы жылы да бул таймаш пандемияга байланыштуу онлайн форматта өттү. Буга карабастан «Зор баян» тайпасы баш байгени багындырды.

Ар окуучунун жеңиштеринин аркасында ар дайым мугалими жана ата — энеси турат. Бүгүнкү биздин каарман  Марлистин апасы Гулмира Аскарова.

Марлис «Зор баян» тайпасына кантип келип калды…

Мугалим катышам дегендердин баарын даярдай баштайт. Чынында чыдамкайлар, сабырдуулар калат аягында. Чыдамкайлык, сабырдуулук, талыкпаган эмгек керек. Атасы экөөбүз тең мектепте иштейбиз. Балдарыбызга татыктуу тарбия берип келебиз деп ойлойм. Анткени баардыгы тең жакшы ийгиликтерди жаратып келишет. Албетте, ар бир ийгиликке жетүү үчүн ата-эненин да түшүнүүсү, колдоосу сөзсүз керек материалдык жактан да, моралдык жактан да.

оңдон 2- Гулмира Жумагулава, 4- Гулмира Аскарова

-Манас таануу балдардын келечеги үчүн кандай мектеп деп эсептейсиз?

Кыргыздын жазылбаган, бирок татыктуу тарбияны билгизбей, күнүмдүк жашоодо берип келген башкача касиети бар. Манас таануу келечек үчүн эң чоң мектеп. Баланын кулк мүнөзүн, акыл-оюн түп тамырынан бери өзгөртөт. Мен балдарымдын кылымдан кылымга кыргыз элим туу тутуп келген улуу Манас атабыздын дүйнөсүнө сүңгүп кирип, кененирээк маалымат алганы үчүн сыймыктанам. Тарбиябызга кошулган тарбияга сүйүнөм. Буга чейин кызым менен балам катышкан.

Марлис атасы апасы менен Бакыт Кайыпов

-Даярдаган эжеси жөнүндө айтып кетсеңиз?

Жумагулова Гүлмира эже жөнүндө айтса сөз табылбаган бир касиети бар. Мындай адам азыр чанда гана, бир сөз менен акырын айтып жеткире алат. Өзүнүн ишин билген чоң чебер. Окуучуларын жылдап даярдайт.

-Топко каалоо тилегиңиз?

Сынак ууру

Республикалык «Манас таануу» теле-таймашында баш байгени багындырган «ЗОР БАЯН» тайпасына чың ден соолук, деңиздей терең, тунук соолбос маңыздуу жашоону, келечекте далай ийгилик жаратып, талыкпай эмгектенип жүрө беришсин!

Сынактын жүрүшү

Уулуңуз кантип дайынданды деген сурообузга эже, күлкү аралаш гана «күн — түн уктаган жок» деп жооп берди.

Манас таанууну мыкты билген айыл башчысы
Айзат Түмөнбаева