“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

«Китеп менин жан дүйнөм» сынагынын жеңүүчүсү

27 Декабрь 2020 жыл 21:01
Көрүүлөрдүн саны: 91

Нарын облустук китепканасы «Китеп менин жан дүйнөм» аттуу сынак уюштурду. Сынактын тапшырмалары үч этаптан туруп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Сынакка Нарын облусунун 5 — класста окуган окуучулары гана катышууга мүмкүнчүлүк алган. Атайын жобонун негизинде катышуучулар видео жөнөтүшмөк. Видеодо өзүн тааныштыруу, келечекте ким болгум келет, китеп окуу мени кантип өзгөртө алат, мектебимди даңктаймын, Ч.Айтматов «Ак кеме» повестинен эссе. Облус боюнча 12 катышуучунун видеолору жарап, алардын ичинде Нарын районуна караштуу А.Аралбаев мектебинин 5 б — классынын окуучусу Рамазан Бейшеновда экинчи турга өткөн.

Оңдон биринчи Куланак китепканасынын китеп каначысы: Бактыгүл Үсөнова, Рамазан Бейшенов, райондук китеп каналардын директору Шарипа Алакунова

1 — турга тартылган видеосун төмөндө көрө аласыздар

катышуулар кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды

Экинчи турга өткөн 3 окуучунун ичинен Рамазан Бейшенов баш байгни жеңип алды.

Катышуучулар менен сүрөт

 

Рамазан апасы Эдита менен

Экинчи турда «Ак кеме» повестинде жаратылышка адамдын тийгизген таасири, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы «Атанын» орду, «Чыңгыз Айтматовду» даңктайбыз аталышта эсселерди видое формат түрүндө жөнөтүү болгон. Видеону толугу менен төмөндөгү ссылкада көрө аласыздар.

«Сынакка баардык эле окуучу катыша алган жок. Жободо «Үй бүлөлүк китеп окуу» долбоорунда катышып жүргөн үй — бүлөлөрдүн балдары катышты. Бизде 0 жаштан 12 жашка чейин китеп окуу, 0 жаштан 3 жашка чейинки китеп окуу деп ата — энелерди окутуп келебиз. Рамазандын энеси Эдита долбоорго активдүү катышып келет. Рамазан да абдан зээндүү жигит экен. Айтылган тапшырманын баарын жоопкерчилик менен аткарып, жеңишке жетти. Уюштуруучу Нарын облустук китепканасы, демөөрчү ДЭМ коомдук фонду, аэ эми медиа өнөктөш «Баластан» интерактив журналы», — дейт Куланак айылдык китеп канасынын китеп каначысы Бактыгүл Үсөнова.

Айзат Түмөнбаева