“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ат-Башыда жаш өспүрүм жер участогу менен камсыз болду

30 Декабрь 2020 жыл 0:18
Көрүүлөрдүн саны: 82

Нарын облусунун Ат-Башы райондук Кара-Коюн айылда жашаган О.Ж аттуу тоголок жетим бала жер менен камсыз болду. Бул тууралуу Ат-Башы райондук прокуратурасы билдирди.

Жер участогу

Ат-Башы райондук прокуратурасынын маалыматына ылайык, жетим балдардын укуктарын коргоо боюнча текшерүүнү жыйынтыгында аталган айылда жашаган О.Ж. аттуу тоголок жетим, турак жайга муктаж экендиги аныкталган.

 «Кара-Коюн айылында жашаган О.Ж аттуу жетим баланын камкорчусу (тай энеси) айыл өкмөттөн там салууга жер участогу берилсе, жашы жете элек өспүрүмгө, ал он сегиз жашка чыкканга чейин турак жай салып, камсыздап берерин айткан», — дейт баланын таежеси.

Ошондой КРнын “Турак жай жөнүндө”, “Жер жөнүндө” жана “Балдар жөнүндө” Кодекстеринин талаптарына ылайык, тоголок жетим баланын укук жана таламдарын камсыз кылуу максатында, жер участогун бөлүп берүү үчүн Кара-Коюн айылдык кеңешине прокурордук чара — сунуш келтирилген.

Натыйжада Кара-Коюн айылдык кенешинин жана айыл өкмөтүнүн буйругу менен там салуу үчун 20 сотых жер участогу бөлүнүп берилди.

 

Куланак медиа