“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Видео: Балдарга өзгөчө куттуктоо болду

1 Январь 2021 жыл 15:46
Көрүүлөрдүн саны: 84

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы «Таңгабийке-Бердике» бала бакчасы 150 үйдү кыдырып, куттуктоо узатышты.

Пандемияга байланыштуу «Таңгабийке — Бердике» бала бакчасы март айынан бери аралыктан иштеп келген. Жылыга шаңга бөлөнгөн бала томсоруп калбасын деп, жыл жаңырар алдында бала бакчанын кызматкерлери тарбиялануучулардын ар бирине барып, белектерин берип, куттуктап келишти.

Негизи эле бала бакчанын жетекчиси жана кызматкерлери ар бир майрамдарды өзгөчө тосуп келген. Буга чейин деле балдарга аяз ата келди дебестен, ар дайым чоң ата, чоң эне келди деп куттуктоо узатып келишкен. Мунун себебин сураганыбызда бала бакчанын жетекчиси Таалайгүл Эшбаевна мындай дейт:

«Баёо, таза бөбөктөргө, аяз атанын жок экенин түшүнгөн кезде, аяз ата бар деген биз калпычы болуп калабыз. Ошол себептен дайыма айылдагы чоң аталардан чакырып, балаты кечесин өткөрүп келгенбиз. Быйылкы жылы шартка байланыштуу үй кыдырууга туура келди.

Бала бакчанын балаты майрамы аралыктан өттү
Айзат Түмөнбаева