“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Жаш журналист грант утуп алды

14 Январь 2021 жыл 23:39
Көрүүлөрдүн саны: 281

Куланак жамааттык мультимедиа борборунун бүтүрүүчүсү грант утуп алган. Жеңичүү акча каражаттарын кандай жумшады

«Кыргыз медиа» жамааттык борборлорунун  бүтүрүүчүлөрүнө конкурстук негизде  грант  каралган. Жана ошондой эле ал грантты утуп алуу үчүн семинарга бүтүрүүчүлөр катышып , каражатты сарптоо үчүн долбоор түзүшкөн. Семинарга жалпы жыйырма бир бүтүрүүчү катышып, алардын ичинен алтысы гана тандалып алынган. Жеңүүчүлөрдүн  бири Куланак жамааттык мультимедиа борборунан  Дилде Шатанова .

Дилде Шатанова

Мен Куланак жамааттык мультимедиа борборунун бүтүрүүчүсү болом. Жалпы жети облустан катыштык. Жана ал грантты утуп алуу үчүн критерийлерге тууралап долбоор жаздым. Максаты айылыбыздагы «Куланак» жамааттык мультимедиа борборунун иштерин жайылтуу жана ыктыярчыларды окуудан өткөрүү.

окуу учуру

Отуз миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнүп берилген, акчаны техникалык каражаттарды алууга жана тренердин акысына сарпталат. Куланак айылына келип, кабарчы болуп иштөөнү каалаган окуучуларга тренингдин биринчи бөлүгүн өттүк. Семинарда  жаңылык жазуунун негиздери жана кандай жазуу керектиги жөнүндө болду. Ал эми экинчи бөлүгүндө атайын тренер келип СММ тууралуу түшүндүрүп берет, башкача айтканда окуучулардын жазган жаңылыктарын социалдык тармактар аркылуу элге жайылтуу (таанытуу) болот.

9 — класстын окуучусу Айсалкын

Жогоруда айтып өткөн экинчи планыбыз 15-январдан 30-январга чейин кудай буюрса ишке ашырылат. Бул долбоор он окуучуга ылайыкташкан жана эки айдын ичинде ишке ашырылып бүтүшү керек. Ал эми семинарга барып калуумдун себепчиси медиа борбордун координатору Айзат эже — дейт биздин каарман Дилде Шатанова

Медиа борбордун жетекчиси Айзат Түмөнбаева

Медиа борбордун координатору Айзат Түмөнбаевага кайрылганда төмөндөгүлөргө токтолду:
Куланак жамааттык мультимедиа борбору 2013 — жылы ачылган. Ошол жылдардан бери бизде бүтүрүүчүлөр абдан көп болду. Окууга чакыруу келгенде тандап жиберүү мен үчүн кыйын болду. Баары таланттуу, өз ишин мыкты билген кыздар, азаматтарыбыз бар. Анан Дилдеге сунуштасам жок деген жок. Себеби баары тең эле жогорку окуу жайларда студенттер. Убактысын бөлүп, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, бүгүнкү күндө иш алып бара баштады.

Даярдаган:Сайкал Эрнисбек кызы