“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Аралыкты сактап окуу процесси жүрүүдө

21 Январь 2021 жыл 0:49
Көрүүлөрдүн саны: 264

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев орто мектебинде жалпы 587 —  окуучу окуйт. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мектепте кээ бир класстар аралыктан окуса, кээ бир класстар салттуу окууга кайтып келишкен. Пандемия учурунда салттуу окууда санитардык абалдар кандай сакталып жатат.

Дүйнө жүзү боюнча эң олуттуу маселе бул-коронавирус илдети болууда. 2019-жылы 1-декабрда Кытай Эл Республикасы, Хубей провинциясы, Ухань шаарында оорунун алгачкы жуккан учуру катталган. Саламаттыкты сактоо уюмунун айтуусу боюнча жер шаарында 63 миллиондон ашуун адам илдетти жугузуп алган. Жана анын 1,5 миллиондон ашууну дал ушул илдеттен кайтыш болгон. Азыркы учурда пандемияга карабастан Кыргыз Республикасын дагы айрым жерлерде окуучулар мектепке барып окуй башташкан.
Окуу учурунда А.Аралбаев мектебинде эрежелер кандай сакталып жатканы менен башталгыч класс мугалими Жазгүл Кадыралиева тааныштырып өттү.

Сабак учуру

«Эми азыркы кырдаалда биз аралыкты жана санпиндин эрежелерин сактап окуганга аракет кылып жатабыз. Жана окуучулар бардык керектүү нерселер менен камсыз болушкан. Талапка жооп берет деп далил бере алам.

Менин оюм боюнча адамзатынын билим алуусу жашоодогу эң алгачкы ачкычтарынын бири болуп саналат. Ошол себептен азыркы учурдагы пандемияга карабастан окуучулардын окуп турганы эң жакшы деп эсептейм, себеби окуу түбөлүктүү нерсе болуп саналат. Жана азыркы учурдагы кырдаал убактылуу.

Буюрса бул абалдан дагы жакын арада чыгып кетебиз деген ойдомун, себеби окуучулардын мектепте окуганы биз үчүн чоң кубаныч жаратат. Кантсе да окуучуларыбыз маңдайыбызда олтуруп, темаларды жакшы түшүнүшөт».

Санитардык каражаттарды ар бир окуучуга ата — эне тарабынан берилген

«Биз азыр мектепте окуп жатабыз жана ошол эле учурда аралыкты сактап, бири-бирибиз менен жакындыкта болбой бардык талаптарды аткарып, 2 саат сайын бет каптарыбызды алмаштырып, эшикке чыгып келгенде жана кандайдыр бир буюмдарды кармагандан кийин колубузду антисептик менен тазалап турабыз», — дейт Канайым Нурбекова 3- классынын окуучусу.

Антисептик жана маска мектеп тарабынан таркатылган

Учурда 7-8-10-класстын окуучулары аралыктан окуп жаткан учуру. Абал тынч болсо аларда жакынкы арада салттуу окууга кайтып келүүсүнө мектеп тараптан бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр экенин мектеп жамааты билдирди.

Куланак: Кыш мезгилиндеги жолдун абалы
Айсалкын Адекова