“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айылдаштарына керектүү кызмат көрсөткөн ишкер мырза

21 Январь 2021 жыл 1:54
Көрүүлөрдүн саны: 393

Куланак айылында Замир аттуу мырзаны кайсы Замир дешсе «жорго такси» Замир дешет. Себеби, айыл ичиндеги кыймылды, мал союшту буйрутма алуу менен тез жана жоопкерчилик менен аткарып, ушул атка конгон.

Шаарда эле буйрутмалар берилип келсе, акыркы жылдары Куланак айылында Замир аттуу байке айыл элинин жеңилин жерден, оорун колдон алып кызмат көрсөтүп келет. Элге кызмат кылууга кантип келип калдыңыз деп кайрылганыбызда төмөндөгүлөргө токтолду.

-Саламатсызбы? Өзүңүздү кененирээк тааныштырып кетсеңиз.
-Саламатчылык! Куланак  айылында туулгам. Атым Замир Рысбеков
-Сиздин оюңузга элге кызмат кылуу кантип келди?

илип алып союу ыкмасы

-Жумушсуздуктан. Айылда жумуш жок. Анан бала кезимен эле мал сойгонго, мал бакканга, кызыкчумун. Эң өзгөчө коён бакканды абдан жакшы көрчүмүн. Ошол кыялдарым ишке ашып, азыркы учурда буйрутма менен мал союп, жөө жүргүнчүлөрдү ташып, ошондой эле отун кыйып жүрөм.
-Малдарды сойгонуңуз жөнүндө кененирек айтсаңыз.

таза союлат

-Мен эки жылдан бери малдарды буйрутма менен соём. Негизинен койду 100 сомго, башын куйкалаганга 100 сом алам. Бодо малдарды 800 сомго союп келем. Ошондой эле малдарды асып алам. Биринчиден ыңгайлуу, экинчиден эч кимден жардам сурабайм, үчүнчүдөн таза болот.

шыйрак тарттыруунун кажети жок

-Бир айда болжол менен канча буйрутма аласыз?
-Негизинен көп эле буйрутма беришет.Тагыраак айта албайм. Санап да көрбөптүрмүн
-Мал сойгондон тышкары кандай кызматтарды көрсөтөсүз?
-Айтып кеткендей эле айылдын ичинде жана айылдын сырткары жактарында да буйрутма менен жөө жүргүнчүлөрдү жеңил унаам менен ташыйм. Ошондой эле чакан коён чарбам бар. Азыркы учурда беш чоң коён бар. Аларды жайында үч жолу төлдөтөм. Ар бир коён 12ден тууйт. Коёндорду 500 сомго сатам. Анан дагы  сүттүү эчкилерди багам. Алардын сүттөрүн дарычылыкка пайдаланам. Тоокторду дагы көбөйтүп жатам.

Таңдан кечке эл кызматында болгон Замир байкенин телефон номерин айыл тургундары жазып алышкан. Себеби айтылбай келген конокко койду союп берет. Алыс жолго унаа таппай жатса жеткирип коёт. Айыл эли ак эмгек менен кызмат кылган мырзага терең ыраазычылыгын билдирип, батасын берип келишет. Ал эми үйдөгү мал чарбасына балдары жана жубайы жардам берет.

Мектеп окуучусу Актан пластилинден каармандарды жасайт
Абдыраимова Сагын, Алтынбек кызы Наргиз