“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ит атарларга айыл эли нааразы болууда

23 Январь 2021 жыл 16:02
Көрүүлөрдүн саны: 294

Нарын районуна караштуу Куланак айылында жолбун иттерден тазалоо максатында январь, февраль айларында ит атуу боюнча рейд жүрүүдө. Бирок рейд учурунда ит атуучулар багылып жаткан иттерди да атып кеткендиктен айыл тургундары нааразычылык билдирүүдө.

Куланак айылында иттер атыла баштагандан бери айылда иттерди короого камап, кээ бири иттер атылып жатканын укпай калып, керектүү короо кайтарчу иттеринин айрылып калган учурлары кездешип жатат.

Айылдагы күчүк

Айылдын тургуну Кошой Өмүралиев 20 күндүк «овчарка» породасындагы күчүктү 3 айдан бери багып келген. Рейдтин жүрүшүндө күчүгү атылып кеткенин айтат:

«Ит атарлар туура эмес кылышты. Кичинекей күчүктү атып салышыптыр. Кандары короонун түбүндө турат. Породасы жакшы овчарка күчүк эле. Ага кандай жооп беришет билбейм. Ит атарлар менен ветадис чогуу жүрүш керек эле, эскертүү бериш керек эле. Өздөрү келип эле короодон чыккан итти атып салышты. Бул кылгандарына мен нааразымын»,- дейт.

Овчарка күчүк атылган жер

Жогорудай абалга кездешкен дагы бир айыл тургуну Айжан Имерова оюн төмөндөгүдөй билдирди:

«Ал күнү балдарым уй, эчки айдап келгени сарайга кетишкен. Итибиз ээрчип алыптыр. Жолдо келе жатканда эчкилер токойду көздөй кирип кеткенде ит трассада кароосуз калган мезгилде атып кетип жатышат. Балам айтып кыйкырганга жетишпей калган экен. Биз жайкысын жайлоого чыккандыктан бизге итибиз абдан керек эле. Уй, кой айдоочу. Ичибиз аябай эле ачышып калды. Ит атылып жатканын ватсап группадан укканыбыз менен маани бербептирбиз. Аркасынан баралы десек ит өлүп калды. Барганда эмне кылмак элек деп барган жокпуз. Быйылкы жылы эле ушундайга туш болдук».

Ал эми ветеринар кызматкери Райымбек Кеңешбеков жалпылап төмөндөгүчө жооп берди:
«Жолбун иттер жыл сайын атылат, бул үчүн Учкун айыл өкмөтүнөн каражат бөлүнөт. Негизинен 100 ит атылышы керек, ошол 100 ит атылып бүткөнчө рейд жүрө берет. Ок дарылар үчүн жергиликтүү бюджеттен 20 миңден 25 миң сомго чейин акча бөлүнөт. Иттин өлүктөрүн ит атарлар өздөрү алып кетишет. Рейддин негизги максаттары жолбун иттерди жоготуу жана оорулардын алдын алуу,» -дейт.

Ал эми айыл тургундары ит атарлар кулактандырууну жакшылап беришпесе айыл элинин ичинде нааразы пикирлер жаралганын айтууда.

 

Бекарстан Орозакунов