“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Коопсуздукту талап кылган кышкы оюн

1 Февраль 2021 жыл 23:51
Көрүүлөрдүн саны: 462

Нарын районунун Куланак айылында кышында муз аянтчасын ачылышын айыл эли чыдамсыздык менен күтүшөт. Быйылкы жылы биринчилерден болуп Болдубек Айдарбеков айыл элинин, жаштардын ойноосуна шарт түзүп берди.

Оюнга даярдык

Ар жылы Куланак айылында бир нече муз аянтчасы ачылат, алардын бири Болдубек Айдарбековдуку. Окуучулар, айыл тургундары убакыт таап, атайын келип кетишет.

«Биз 2-жыл иштетип жатабыз. Быйыл ачылганына 2 ай болуп калды, ал эми идея атамдыкы. Атайын суукка карабай кардарлар келип жатышкандыктан, кандай себеп болбосун иштеткенге аракет кылып жатабыз. Кар калың жааган күндөрү баарыбыз атам, иним болуп чогуу эле күрөй калабыз», — дейт Мырзайым Болдубекова.

Муз үстүндөгү алгачкы кадамдар

Муз өтө  тайгак жана кооптуу экенин баарыбыз эле билебиз. Аянтчада кокустук жаралса, муздан кетсе ден- соолугу үчүн жоопту экенин баса белгилеп кетти.

Эже — сиңдилер

«Жаңыдан тээп баштагандарга атайын орундуктар коюлган, үйрөнгүчө өз каалоосу менен орундуктар менен тебишет. Эгер кокустуктар болуп кетсе, анын себеби муздун ыңгайсыздыгы болсо, биз жооптуубуз. Ал эми себеп анда эмес болсо, ар ким өзүнүн ден- соолугуна өзү жооптуу»

Быйыл пандемияга байланыштуу бардык нерсенин баасы көтөрүлсө да, муз аянтчасынын баасы былтыркыдай эле 50 сом.

Куланак: Кыш мезгилиндеги жолдун абалы
Даткайым Орозакунова