“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Маданиятка из калтырган «Шайыр апалар»

2 Февраль 2021 жыл 0:34
Көрүүлөрдүн саны: 299

Нарын районунун Куланак айылында көркөм- өнөр маданиятынын өсүшүнө салым кошуп, унутулуп бара жаткан ырларга жан киргизүү максатында 2018-жылы 12 адамдан турган «Шайыр апалар» тобу түзүлүп, азыркы күнгө чейин маданиятка салым кошуп келишет.

Атайын даярдалган программалар менен коңшу айылдарга коюлган концерттер бийик деңгээлде уюштурулуп, кыргыз апалардын чыгармачылыктагы ролун бекемдөө, салттуу ырлардын жайылышына салым кошуу менен алектенип келе жаткан “Шайыр апалар” тобунун мүчөсү Батма Кокунбаева ийгиликтери жана көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.

Шайыр апалар Т.Жумакаева атындагы маданият үйүндө

“2020-жылы “Шайыр апалар” тобу айылыбыздын кулуну Бакай Асылбек уулу Ысык-Көлгө 10 күндүк эс алууга жолдомо берип, барып келдик. Пандемия башталганда биздин топ өзүбүз акча чыгарып ооруканага жардам бергенбиз, ошол себептен Көлгө эс алууга жолдомо берди.

Эс алуу учуру

Пандемияга чейин коңшу айыл Учкун, Достук айылдарына жана жайлоого чейин барып концерт уюштурганбыз. Биздин эң негизги көйгөйүбүз концертке даярдануучу жер жок”, — дейт “Шайыр апалар” тобунун мүчөсү Батма Кокунбаева.

Кокунбаева анда сырткары, концерттерге кийген көйнөктөрүнүн сапаты жаман болгондуктан аларды бир эки эле жолу кийгенге туура келерин баса белгиледи.

Концерт учуру

“Биз тиктирип кийген көйнөктөрдүн сапаты жаман болгондуктан аларды бир эки эле жолу кийгенге туура келет. Акча каражаты дагы жетишсиз болгондуктан, ар бир концертке тиктире албайбыз. Айыл өкмөткө дагы кайрылганбыз бирок ал жакка счет фактура керек экен. Буга чейин формаларга канча акча кетти? Ким тикти? Биз формаларды ар кайсы жерден тиктиребиз же сатып алабыз. Көйгөйүбүз азыркыга чейин чечиле элек”,- дейт ал.

Айылдык маданият үйүнүн жетекчиси Аза Тилекматова “Шайыр апалар” тобу менен алдыда келе жаткан “Нооруз” майрамына даярдык көрүп жаткандыгын билдирди.

“Биздин айылга “Шайыр апалар” тобу түзүлгөнү жакшы болду, себеби жаш курагы келип калган апалар үйдө отурбай концерттерди уюштуруп, майрамдык кечелерде концерт коюп турушат. Топ 2018-жылы салттуу ырларды коомчулукка алып чыгуу максатында 12 ападан турган топ түзүлгөн, ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин ар кандай иш чараларды уюштуруп турушат”,- дейт Аза Тилекматова.

Ошондой эле, алдыда келе жаткан ”Нооруз” майрамына айыл өкмөт тарабынан акча бөлдүрүп концерт уюштурганга даярданып жаткандыгын белгиледи.

 

Сезим Кубанычбекова