“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Окуучулар 3 чакырым алыстан келип билим алышат

2 Февраль 2021 жыл 0:20
Көрүүлөрдүн саны: 459

Нарын районунун Куланак айылынан 3 километр алыс жайгашкан “Он сарай” аймагында жалпы 15 түтүн эл жашайт. Сарайдан мектепке сапар тарткан 17 окуучу бар. Окуучулардын аталары кезектешип мектепке жеткирсе, кээде балдар мектепке жөө барышат.

Айылда кыш катуу болондуктан кээде унаалардын майы тоңуп калса, айрым учурда эртең менен малдан бошобой калган учурлар да болот. Азыркы учурда мектеп оффлайн режимге өткөндүктөн быйылкы жылы кыш жалдагыдан суук болуп, балдар кышкы суукта мектепке барып келүүдөн кыйналышууда.

Ал эми Айзат Асанова кышында айрым учурда суукка байланыштуу мектепке бара албай калган учурлар болорун билдирди:
“Мен “Он сарай” аймагында ата – энем менен бир топ жылдан бери жашайм. Бизден мектеп, оорукана, бала бакча алыс жайгашкан. Айыл ичинде жашабагандыктан көп кыйынчылыктар жаралат. Бирок ошого карабай мектеп окуучулар барып келип билим алышат. Мен мектепти бүткөнүмө эки жыл болуп калды, мектепте окуп жүргөндө кышында сабактан көп калган учурлар болгон, себеби суукка байланыштуу мектепке бара албай калчумун”.

Ошондой эле ал түштөн кийин окуган окуучуларга бир топ кыйынчылыктар жараларын кошумчалады.
“Жолдун алыстыгынан түштөн кийин окуган окуучуларга өзгөчө кыйын, себеби, кечинде сабактан тарангада кышында күн кыска болгондуктан бат эле караңгы кирип кетет. Кичинекей окуучулар жалгыз келе алышпайт үйлөрүнө. Кээде мектепке кечигип калсаң айрым мугалимдер түшүнбөйт”.

Таңкы саат 7:35 окуучу  мектепке бара жатат

Жолдун алыстыгы эле эмес бул аймакта интернет дагы тоонун түбү болгондуктан жакшы иштебейт.

“Пандемия башталганда онлайн окууга өткөндө интернет жакшы тартпай, аябай кыйналдык сабактан. Мен студент болгондуктан мага өзгөчө кыйын болду. Бул кыйынчылыктарга дагы карабай көптөгөн окуучулар мектепти бүтүп жогорку окуу жайларда окушат, алардын бири менмин”,- деп кошумчалай кетти.

Саат 14:08 балдар окуудан үйлөрүнө кайтып бараткан мезгил

“Он сарай” аймагында 2006-жылдан бери жашаган Абай Калдарбек уулу балдардын мектепте билим алуусуна ата-эне жооптуу болуп шарт түзүп бериш керек дейт.

Мектептин алдында ата-энелер күтүп балдарын алып кетиши керек

“Мен бул жакка көчүп келгениме көп жыл болду. Бул аймак айылдан алыс жайгашканы менен балдарымдын татыктуу билим алышы үчүн күндө мектепке машинам менен алып барып келем. Ар бир ата-эне балдарынын татыктуу билим алуусу үчүн шарт түзүп бериш керек”,- дейт ал.

Ал эми мектепке жалгыз “Он сарай” чөлкөмүнөн гана эмес, “Төрт сарай” , “Өрдөш”, “Таласбай” чөлкөмдөрүнөн да окуучулар билим алуу үчүн жолдун алыстыгы, күндүн суугуна окуучулар мектепке барып билим алышат.

Суусамыр: Окуучулар мектепке баруу үчүн 5 километр жол басышат
 

Сезим Кубанычбекова