“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Көк бөрү: «Куланак» командасы

7 Февраль 2021 жыл 16:53
Көрүүлөрдүн саны: 706

Нарын районуна караштуу Куланак айылында көк бөрү командасы бар. Командалар айыл ичиндеги жана райондук деңгээлдеги уюштурулган оюндарга катышып турат. Оюн учурунда ар кандай ден- соолукка терс таасирин тийгизген учурлар да катталат.

“Көк бөрү” оюну Куланакта күз жана кыш мезгилинде көп ойнолот. Буга себеп улакка салынган аттар жалаң айгырлар. Жаз, жай мезгилинде үйүрлөрү менен айгырлар жайлоого кетишет. Ал эми оюн учурунда ден- соолукка зыян алып келген мезгилдер кездешеби деген суроо менен №1 үй – бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Сайрагүл Асановага кайрылганда төмөндөгүчө жооп берди:

Сайрагүл Асанова

“Айылда көк бөрү оюнуна көбүн эсе өспүрүмдөр ойноп келет. Ошол өспүрүм балдар техникалык коопсуздукту билбестик кылып, жаракат алып келгендер да бар. Көбүнчөсү башынан жаракат алгандар, бет сөөктөрү сынып кеткен, ат алдында калган, колу-бутун сындырып алгандар да бар. Ушуга байланыштуу, көк бөрү оюнчуларына, коопсуздук иш- чаралары боюнча сабак өтүлүш керек. Себеби, бул биздин улуттук оюндардын бири болгондуктан токтотуп коюу мүмкүн эмес. Көк бөрү оюнун ойноп келген ар бир жаран өз коопсуздугун сакташ керек. Бул оюнду уюштурган адам да, ар бир оюнчунун коопсуздугуна жооп берүүсү зарыл. Андан тышкары жаракат алган адамдардын арасында, башынан терең жаракат алып, операция болгондор бар, аларга кайра ойноого болбойт, кийинки жашоосуна да таасирин тийгизет”.

“Куланак” командасынын мүчөсү Нуркалый уулу Деңиз оюндун шарттары жана ден- соолугуна зыян келтирип алган оюнчу кааласа, оюнга кайтса болот деген пикирде:

Оңдон солго Нуркалый уулу Деңиз

«Көк бөрү байыртан келген кыргыздын улуттук оюну болгондуктан, бала кезимен бери кызыгуум бар эле. Ошого ылайык азыр өз каалоом менен ойноп келем. Негизинен командада жалпысынан 12 адам, 12 ат ойнойт. Бирок оюн болуп жаткан учурда, талаада 4 адам, 4 ат гана чыгат да, калганы өз убагын күтүп, аттарын эс алдырып турат. Бул оюнду кылдаттык менен ойнобосо, жаракат алган учурлар да болот. Ал жаракат алган адам, бул оюнду экинчи ойноого тыюу салынат дегендик эмес. Айыгып, дарыгерден уруксаат алып, ден соолугуна зыян келтирбесе командага кайтат».

Ошондой эле «Куланак» командасынын жаш оюнчусу Руслан Ишенбеков мындай дейт:

Руслан Ишенбеков- оюнчу

«Баарыбыз билгендей ата- бабаларыбыз ушул убакка чейин ойноп келген оюнду, андан ары улантып кетүү биздин милдет! «Ат адамдын-канаты» дегендей, ат үстүндө жүргөндү жана ошондой эле «Улак» тартыш оюну мен сүйгөн спорттун бири. Бул оюнда биздин минип чыккан ат да негизги рольду ойнойт. Оюнга чыгарга аз убакыт калганда аттарыбызды суутуп (эс алдырып) чыгабыз.

«Куланак» командасы оюндан кийин

Оюн болордун астындагы машыгуулар өткөрүлөт. Кызыккандар үчүн командага кошулууга ар дайым эшик ачык. Оюнду көбүн эсе айылдык агалар уюштуруп, колдоп келишет. Команданын жетекчиси айыл тургуну Максат Советбеков. Райондук деңгээлдеги оюндарга командадан мыкты оюун көрсөткөн оюнчулардан тандалып катышып турушат», – дейт команданын мүчөсү Нуркалый уулу Деңиз.

Куланак: Окуучулар 3 чакырым алыстан келип билим алышат
Анапия Айылчиева