“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Бир шиш менен түймө түйгөн апа

14 Февраль 2021 жыл 22:18
Көрүүлөрдүн саны: 814

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Асылкүл Өмүралиева апаны айыл ичи бүт тааныйт. Себеби апа заманбап 1 шиш менен токулган шарф, топу,  кийимдерди буйрутма менен токуп берет.

Асылкүл апа бул өнөрдү 20 жыл мурун өзүнүн кызыгуусу менен эле үйрөнүп алган. Алгач өзүнө жана жакындары үчүн токуп келген. Учурда апанын колунан жаралган эмгектер айыл тургундарынын ар биринде бар

«Бош олтурганда бул мен үчүн эрмек. Интернет деген неме да жакшы оокат экен. Көп нерсени үйрөнүп алдым». — дейт бүгүнкү биздин каарман.

Асылкүл апанын жашы 60 та болсо дагы үйрөнөм деген жаштар үчүн эшиги дайым ачык экенин баса белгилейт.

Мектеп окуучусу Актан пластилинден каармандарды жасайт
Наргиз Алтынбек кызы