Нарын облусунда старт алган «Билим кербени» аттуу китеп окуу сынагы Нарын медресесинде 2 -турун өткөрдү. Сынакка жалпысынан район боюнча 47 окуучу катышып, алардын ичинен 10 окуучу 3 — турга жолдомо алышты.«Билим кербени» аттуу китеп окуу сынагы Мамбетисан Ибраевдин китептеринин негизинде старт алган. Сынактын биринчи турунда катышуучулар «Эмне үчүн китеп окушубуз керек ?» аттуу китебин сатып алуу менен сынакка катышуу үчүн жолдомо алышкан. Бул сынакка А.Аралбаев мектебинин окуучулары да активдүү катышып, 2 — турга 9- классынан Чыңгыз Нуркеримов, Шамил Бакытбеков жана 11- классынын окуучусу Эркинай Барктабасова өтүшүп, «Биз эмнеге муктажпыз» китебин белекке алышып, 2 — турга өтүшкөн.
Сынактын катышуучулары
Конкурстун ар бир турунда китеп боюнча 40 тан суроо тест түрүндө берилип, жыйынтыгын чыгарып жеңүүчүлөр кийинки тур үчүн китеп менен сыйланышат.
Катышуучуларды жетектеп келген мугалимдер
Бул сынактын 2 — туру Нарын медресесинде өткөрүлүп, 11-б классынын окуучусу Эркинай 47 окуучунун ичинен байгелүү орунга ээ болуп, 3- турга жолдомо алды.
Эркинай Барктабасова 2- турдун жеңүүчүсү
Ал эми 3 — турдун өтү мөөнөтү белгилене элек.
“Китеп той” маданий-интеллектуалдык кечеси Ошто өткөрүлдү
Баел Аруунов