«Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» сынагы жаштар арасында өткөн жылы жарыяланып, өрөөндүк турлары жыйынтыктылган. Пандемия байланыштуу бул сынактын жеңүүчүлөрү аныкталбай токтоп калган.
Бул сынак 3 этап менен мектеп окуучулар арасында өткөрүлөт. 8, 11 жаш, 12, 14 жаш, 15, 17 жаш боюнча. Сынакта 3 жанр каралат, алар вокал, бий, музыкалык аспапта ойноо.
Былтыркы сынактын катышуучусу
Бул сынактын өрөөндүк туру А.Аралбаев мектебинде өткөрүлгөн. Мектептин музыка мугалими ар жанр боюнча 9 окуучуну даярдап, райондук турга 5 окуучу өткөн.
Былтыркы сынактан көз ирмем
Бирок, тилекке каршы бул сынак бир жылга токтоп калганына байланыштуу 2 окуучунун жаш курагы өтүп кетип, жобонун негизинде райондук туруна катыша албай калышканын даярдаган мугалими Жумагүл Өмүрова баса белгилеп кетти.
«Биздин А.Аралбаев мектебинен 5 окуучу жараган. Биринчи вокал боюнча 1 — 4 класстан жарабай калган, 5- 7 — класстан Алия Болотбекова «Атам менен апама» деген ыр менен 1 орунду, 15 , 17 жаш боюнча Сайкал Токтомушова «Мен кыргызмын» ыры менен 1 орунду, музыкалык аспап боюнча Кутман Жусупов 1 орунду, бий жанры 12-14 жаш боюнча Сезим Саламатова өзбек бийи менен 1 — орун, 15 — 17 жаш боюнча Сезим Талантбекова индия бийин бийлеп 1- орунду алышкан.
Бүгүн өрөөндүк турдан өткөндөр райондук туруна чакырылган. 2 бий бийлеген кыздардын жаштары өтүп кеткендигине байланыштуу 3 окуучу менен барып, катышып келдик».
Алия Болотбекова 6 классынын окуучусу
12 — 15 жаш боюнча Алия Болотбекова биринчи орунду алды.
«Аспаптарда ойноо» жанры боюнча 2 — орунду Кутман Жусупов ээледи.
Катышуучулар даярдаган эжеси Жумагүл Өмүрова менен
Активдүү катышуучу наамын Сайкал Токтомушова алды.
Ак көйнөкчөн Сайкал Токтомушова
Конкурска ат салышкан 3 окуучу тең ийгилик менен кайтып келишти. Мектептин намысын коргоп келген жеңүүчүлөр облустук тур үчүн даярданууга киришти.
Эл аралык онлайн конкурста окуучу кыз алдынкы орунга чыкты
Айзат Түмөнбаева