“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарын: Райондук деңгээлде шахмат оюну өткөрүлдү

3 Март 2021 жыл 23:38
Көрүүлөрдүн саны: 99

Орто  — Нура айылында Нарын районунун 90 жылдыгын утурлай райондук деңгээлде шахмат турнири өткөрүлдү. Турнирге ар бир айылдан барып катышышты.

Орто Нура айылынын айыл өкмөтү Азамат Мусурканов шахмат турнири кандай өткөндүгү тууралуу маалымат берди.

«Шахмат оюнуна 40 адам катышты. Уюштуруу айыл өкмөт тарабынан негизделген. Ар бир айылдан шахматты билген жаштар жана карылар келди. Алардын ичинен кыздар жана балдар деп жаш курагына карата бөлүп оюн өткөрүлдү. Аларды «A» категориясы 2009-2013 жылкылар. Ал эми «B» категориясы 2003-2008 жылкылар. Андан кийин 2014-жылкылар «C» категориясы болду. Алдынкы орундарга 5 адам чыккан. Жалпы байге 14800 сомду түздү.

оюндун жеңүүчүлөрү

  1. Турнирге Куланак айылы боюнча кыздардан  мектептин 8 классынын окуучусу Канайым Сатар кызы барып катышып, 3 — орунду багындырды.

Оюндан кийин

«Мен мектеп ичинде өткөрүлгөн шахмат боюнча турнирге катышып, анан тандалып катышып калдым. Биринчи жолу сыртка чыгып ойноп  жаткандыктан жеңишке жетишим керек деп  ойнодум».
Ал эми турнирге жетектеп алып барган мектептин дене тарбия мугалими Жекшенбек Абдүшүкүров оюн тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди.

солдон биринчи Жекшенбек Абдышүкүров

Куланак айылынын командалык тобу

«Тандап алып чыгуу үчүн мектеп окуучулары арасында оюн өткөргөнбүз. Мыктылардын мыктылары тандалгандыктан 6 окуучу алып барып, 5 окуучу жаш курактары боюнча 3 алдыңкы орундарын ээлеп келишти. Мындай оюндар уюштурулуп турса, жаштар үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт экен».

Куланак: Айылда флешмоб жарыяланды
Сагын Абдыраимова, Алтынбек кызы Наргиз