“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Мектепте туу күнү белгиленди

4 Март 2021 жыл 0:16
Көрүүлөрдүн саны: 83

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектепте Туу күнү белгиленди. Бул даталуу күнгө мектептин 10-б классы даярданып, окуучуларга линейка коюшту.

Ачык асман астында пандемия башталгандан бери биринчи жолу линейка өткөрүлүп жатат.

«Мындай даталуу күндөр дайыма мектепте уюштурулат. Себеби, ар бир окуучунун эсинде тарыхыбыз сакталсын деген максатта. Бул күндү 10- класстар уюштурса, эмкиде башка класска, класс жетекчиси менен биргеликте өткөрүүгө тапшырма берилет. Ар бир класс жетекчи өзгөчө өткөрүүгө бардык күч аракетин классы менен биргеликте жумшайт», — дейт мектептин директордун тарбия иштери боюнча орун басары Гульнур Солтобаева.

10б — классы. Класс жетекчиси Замира Байсубанова менен

 

Эртең мененки смендин окуучулары линейкага катышышты

 

Кененирээк маалымат төмөндөгү видеодо:

 

Наргиз Алтынбек кызы