“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айылда флешмоб уланууда

26 Март 2021 жыл 23:13
Көрүүлөрдүн саны: 62

Балдардын жаркын келечеги үчүн уюшулган бул колдоого айыл эли активдүү катышып жатат. Чогулган каражатка 2 – ирет китептер алынып, мектептин китепканасына жеткирилди

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы А.Аралбаев мектебин китеп канасынын базасын чыңдоо максатта уюшулган флешмобтун бүгүнкү күнгө отчёту

Уюштуруучулар китептин отчетун катышуучулар күмөн санабаш үчүн дайыма ачык айкын берилип келе жатат
Акчалай: 20100 сом катталды.
Анын 15700 сомуна китеп мектептин китеп канасына жеткизилди


50 шт биология
10 шт.физика
10 шт геометрия
10 шт. Алгебра.


Калган акча: 4400 сом, анын 3400 наличка турат, 1000 келе элек. Бул суммага тапшырык берилди.
Химия 10 кл.15 шт.
География 10 кл 9 шт. Тапшырык келээри менен китепканага жеткизилет

Китеп түрүндө:
Гульмирадан 50 китеп өзү алып келет;
Адилеттен 7 китеп
Дилде 3 китеп
Аминадан 2 китеп
Айгеримден 5 китеп ( озу алып барып берет)
Китептерден Адилеттен, Дилденин Аминанын китептери жеткизилди
Биринчи партиядан 97 китеп барды.
Учурдагы так маалыматты айылыбыздын тургуну жана уюштуруучусу соц. тармактарда ачык айкын айыл элине берип жатат. Биздин каарманды айыл эли жакшы тааныйт, бирок жумурай журтка атын атагысы келген жок. Ал эми флешмоб мектептеги китептер үчүн муктаждык жоюлмайын улана бермекчи. Баардык кайдыгер карабаган айылдаштарды активдүү катышууга дагы бир ирет чакырып кетебиз

Куланак жамааттык мультимедиа борбору