Нарын районуна караштуу Куланак айылынын кулуну, 7 — апрель элдик революциянын баатыры Рахатбек Кожобековду эскерүү линейкасы болуп өттү.
Абдылда Аралбаев мектебинде 9 — класстардын күчү менен дайындалган 7 — апрель элдик революция күнүнө карата чакан линейка болду. Линейкада окуучулар окуянын тарыхына кайрылып, ал күндүн сахналаштырып коюп беришти.
Каргашалуу күндө эл жери үчүн канын, жанын аябаган эл баатырларын жана Рахатбек Кожобековду эскерүү үчүн үнсүз тыныгуу болду.
Линейкадан көрүнүш
Наргиз Алтынбек кызы, Сагын Абдыраимова