“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак:Шайлоо өз нугунда өтүп жатат

11 Апрель 2021 жыл 17:20
Көрүүлөрдүн саны: 67

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы номер 4051 шайлоо участогунда шайлоо өз нугунда жүрүп жатат. Кырдаалга байланыштуу шайлоого келген шайлоочуларга бет кап таратылып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү

4051 шайлоо участогунда оператор болуп иштеген Рахатбек Жунушов төмөндөгүчө билдирди.

2017-жылдан бери оператор болуп иштейм. Шайлоо жакшы өтүп жатат. Азыр саат 11:30 250 шайлоочу келип катышты. 2 урнага 2 оператор иштейбиз.

Ал эми шайлоо комиссиясынын төрайымы Ааза Тилекматова буларга токтолду
Мурунку шайлоого салыштырмалуу адамдар өзгөчө тынч.Талапка жооп берет деп ойлойм, биздин участка. Быйыл мурунку шайлоого караганда адамдар көп келип жатат.

Мен Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө 4051 участогуна бөлүнгөм. Абал боюнча айта кетсем элдин маанайы жакшы, активдүү катышып жатышат. Мыйзам бузуулар болгон жок. Элдин баары аралыкты сактап жана өздүк гигиенаны сактап жатат.

4051 шайлоо участогуна 29 талапкер кандидаттыгын койгон, алардын 11 айымдар. Жергиликтүү кеңешке 11 мандат бар

Алтынбек кызы Наргиз
Сагын Абдыраимова