“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Шайлоочулар көп келүүдө

11 Апрель 2021 жыл 16:04
Көрүүлөрдүн саны: 77

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын номер 4051 шайлоо участогунда шайлоо кызуу жүрүп жатат. Шайлоого келген айыл тургундарынын пикири боюнча түшкө чейин шайлоочулардын көбү айылдын улуу муундары келип жатты.

Шойлоо участогу 4051

Куланак айылынын тургуну Калича Бекенова төмөндөгүлөргө токтолду:

Калича Бекенова

«Мен конституциялык жаны долбоорду колдойм. Бугун биздин балдар кыздар шайланып жатат. Баары айылдын көйгөйүн чечип, Куланакты өнүктүрөт деп ойлойм. Мурдагы шайлоо менен салыштырганда быйылкы шайлоо абдан жакшы өтүп жатат. Элдин көңүлү жай, жакшы ниет менен келип шайлап кетип жатышат.

Чолпон Дүйшөбаева

Бүгүн элдердин маанайы абдан жакшы. Депутаттыка талапкер болгон кандидаттарды эл туура шайлайт деп ойлойм. Анткени элдин билим денгээли, түшүнүгү жетет. Бүгүнкү шайлоодо мен элиме биримдүүлүктү каалайм. Жана талапкерлер өзүлөрүнүн денгээлинде өтөт деген ойдомун. Баардыгына ден соолук, жана Куланакка пайда алып келе турган талапкерлердин өтүп кетишине тилектешмин.

Бүгүн шайлоо Жогорку Кеңештин шайлоосундай өтүп жатат. Мурунку шайлоодо алданып эле жүрүптүрбүз да, ал эми азыр үмүт бар. Жаңы шайлоодон кийин адамдардын турмушу оңолуп, пенсия, пособиелер көбөйөт деп ойлойм.

Ишенбек Беков

«Мен Абийир кызы Жаныл. Маанайым абдан жакшы. Бүгүн шайлоо жакшы өтүп жатат. Пенсиянерлерди убагында киргизип ийип, жаштар күтүп артында кирип жатабыз. Конституциянын жаңы долбоорун колдойм».

Жаңыл Абийир кызы

Ал эми айылдын аксакалы Тыныбек ата мыйзамдар  кабыл алынып эле  жатат, эл ошонун аткарылышын күтөт деген оюн билдирди:

Тыныбек Жусупов айыл тургуну

«Бул шайлоо элге тынчтык, бакубат жашоо алып келет деген ойдо элдин баары. Баары жакшы денгээлде өтүп жатат. Конституцияны элдин баары колдоп жатат. Эми ошону бийликтегилер аткарса жакшы, кабыл алынып алып каралбай калып жатат. Элдин талабы ушул».

 

Алтынбек кызы Наргиз, Абдыраимова Сагынбүбү