“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Суукта калган турист

16 Апрель 2021 жыл 6:58
Көрүүлөрдүн саны: 294

Нарын районуна караштуу, Куланак айылы Баетов-Нарын трассасында жайгашкан. Ошол себептен, бул трасса такыр бош турбайт жана кызыктуу окуяларга бай.

Быйыл жаз келгени менен, суук кыштагыдай. Ушундай суук жаздын күндөрүндө, Мелани велосипед менен саякаттагандыктан үшүп калыптыр.  Жылынып жана ысык чай кайдан ичип алууну суранган турист менен маек курдук.


«Мен, Нидерланддан келдим. 63 жаштамын. 21-22 жашымдан бери велосипедде саякаттайм. Велосипед тебүү-менин хоббим. Азыркы учурда ардактуу эс алуудамын. Буга чейин мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектепте иштегем. Ал жакта тарых, немец тили, география, тамак жасоо боюнча сабактарды берип жүрдүм. Мен өзүм жалгыз эмес, балдарым да саякаттайт. Азыр кызым мага келем деп жатат.
Бул учурга чейин көп жерди кыдырдым. Турцияга бардым, Тажикстанга жана башкаларга. Эгер, биздин өлкөнү  силердикине салыштырсак, силерде тоо аябай көп жана жериңер кенен. Таза аба, жаратылышар абдан кооз. Адамдарга жакшы мамиле кылышат экен.
Эми мен мындан ары Памирге барууну көздөп жатам. Нарынга келгениме 6-7 ай болуп калды,»-дейт ал.


Бизге Мелани менен маек курууга англис тили мугалими, Эльзада Иманкулова жардам берди.
Куланак айылы мындай учурларга көп эле кездешип келет жана бул биринчи жолу эмес. Эл болушунча жардамын берип, кыргыздын меймандостугун көрсөтөт.

Даткайым Орозакунова