“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Балдардын ысык тамак ичүүсүнө көмөкчү чарба уюштурулду

24 Апрель 2021 жыл 19:43
Көрүүлөрдүн саны: 63

Мектептерде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилип келет. Алардын тамактануусуна жакшы шарттары түзүү үчүн атайын долбоорлор менен Абдылда Аралбаев атындагы орто мектеби тыгыз иш алып барып келет.

А.Аралбаев атындагы  орто мектебинин эмгек жамааты ООН Food and Agriculture Organisation of the Nations уюмуна долбоор жазып, анын жыйынтыгында мектептин көмөкчү чарбасын жакшыртуу жана азык-түлүк программасын ишке ашыруу долбоорунун катышуучусу болушту.


Долбоордун алкагында мектептин 15 сотых жерине чынжырча торлор менен тосмолор, 100 түп алма жана 40 түп абрикос келди.

Эмгек жамаат жана окуучулар ынтымак менен жамаатташып бул бакчаны тосуп мөмө бактарын отургузушту.
Келечекте бул бакчанын мөмөлөрүнөн кактар жана суусундуктар жасалып балдарга ысык тамак берүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө эле түзүлбөстөн, айылыбыздагы кичинекей жашыл аянтчага айланат.

Мектепке келген көчөттөр отургузулуп, күн алыс сугарылып жатат.

Келечекте жемиш багынан алынган мөмөлөрдөн башталгыч класстын окуучуларына шире дайындалып, ысык тамак менен бирге берилет.

 

Айзат Түмөнбаева