Бул оюн мектеп курагындагы окуучулар арасында абдан атактуу. Бирок, бала бакчадан эле оюндун эрежелерин, ойнолушун үйрөнүп башташат. 2 адамдан баштап, санга жараша топко бөлүнүп алып ойнолот.
Жаз алды менен бул оюнду ойногон окуучулар мектептин астын шаңга бөлөшөт. Мектеп жашынан ойнолгон оюнду окуучулар 7 — 8 класска чейин ойношот. Оюндун шарттары төмөндөгүдөй:

3-класстын окуучулары
Эгер так сан болуп, 1 оюнчу топтордун бирине кирбей калса, ал «чучукулак» болуп ойнойт. Ал бардык топ менен ойной алат жана көп учурда аны жибитишпейт. Башкача айтканда, оюндан жаңылса, анын ордунда эч ким ойнобойт. Көп учурда «чучукулактын» ролун жаңыдан ойноп баштаган же жакшы ойной албаган оюнчуга беришет.
Резиночканы ойноо учун чоюлчаак материалдан кесилген калың жип керектелет. Денгээлге жараша ар кандай бийиктик колдонулат. Ар ким оюнчуга жараша оюнду жеңилдетип, же оорлотуп алышат. Топтордун арасынан же оюнчулардын арасынан ким биринчи оюнду баштарын билүү үчүн «чучу кулак» кармашат.

Бул оюн канча жаш курактагы эжелерибиз ойноп көргөнү кызык болуп, суроо узаттык. Бирок каарманыбыз атын атагысы келген жок.
«Мен бул оюнду бала чагымда, негизи эле ойногон эмесмин. Бирок, ойногондорун көрүп калам. Резиночка оюну абдан кызыктуу деп эсептейм. Пайдалуу жактары да көп. Азыркы учурда баары эле уюлдук телефонго байланып, балдар көп кыймылдабай калышты. Бул оюн физикалык кыймылды талап кылчу оюндарга киргендиктен ден соолукка тийчу пайдасы чон. Мен бул оюн жөнүндө кеч билгендиктен ойногонго жетишпедим. Менин курагымдагылар ойнобогундуктан үйрөнбөдүм. Бирок, өзүм кызыгып жүрөм», — дейт 3 баланын апасы.
Венера Касымова Куланак айылынын тургуну. Оюн тууралуу ал мындай дейт:
«Мен бул оюнду өзүм бала чагымда ойноп калдым. Ал кезде 9-10 класс болчумун. Бизге бул оюн кеч келди. Азыркы ойноп жаткандары менен биздин ойногонубуздун айырмасы абдан чон. Биз денгээлге жараша белге чейин илип алып, ойночубуз. Азыр тизе, сан андан сон томук эле ойнолот экен. Жана абдан майдаланып, оорлошуп кеткен. Оюн абдан кызыктуу жана ден соолукка абдан пайдалуу», — дейт Куланак айылынын тургуну.

Интернет булактары боюнча резиночка оюну Кытайдан чыгып, андан сон башка өлкөлөргө тараган. Ал жана башка мамлекеттерде оюн ойнолуп жатканда атайын ритм берүүчү ырлар ырдалып, ар кайсы музыкалык аспаптар да ойнолот.
Даткайым Орозакунова