“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Аудио:Жергиликтүү кеңештин депутатынын ишмердиги муниципалдык стаж катары эсептелинеби?

25 Апрель 2021 жыл 16:32
Көрүүлөрдүн саны: 56

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургундарына «депутаттын ишмердиги муниципалдык стаж катары эсептелинеби » деп айырым тургундарынан сурамжылоо жүргүзүлгөн. Алардын жооптору жана каармандын маегиНарын районуна караштуу  Учкун айыл өкмөтүндө 21 депутат шайланат. Алардын ишмердиги стаж катары эсептелинеби деген суроого ар кандай пикирлер айтылды. Кээ бири стаж эсептелинет десе кээ бири жок десе, кээ бири сурап билүү керек деген ойлорун билгизди. Буга себеп закондордо улам өзгөрүүгө дуушар  болуп жаткандыгы экенин биздин каарман баяндап айтты.

«Мен жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланып келгем. Муниципалдык стажым жеткендиктен Учкун айыл өкмөтүнө айыл өкмөтү болуп кызмат өтөп жатканда, 2012 — жылы Өмүрбек Бабанов премьер министр болуп турган кезде депутаттын ишмердиги муниципалдык стаж катары эсептелинбейт деп өзгөрүү киргизилген,  менин депутаттык кездеги стажым эсептелинбей, мурунку иштеген стаждарыма 6 ай жетпей калып, айыл өкмөттүккө талапкерлигим коюлбай калган. Андан кийин кайсы жыл экени эсимде жок, Атамбаевдин указы менен кайрадан жергиликтүү кеңештин депутаттарына муниципалдык стаж кайрадан киргизилген» —  дейт  азыркы жумуш ордуна байланыштуу аты жөнүн атагысы келбеген каарманыбыз.

Ал эми материалды толугу менен төмөндөгү аудио сюжеттен уга аласыз

https://youtu.be/fxlYHk9hEk8

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонду тарабынан колдоого алынды. Мазмундагы ой пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт

материал «Мен- жергиликтүү кеңештин депутатымын» өнүктүрүү институт саясаты — 2013 колдонмосунан алынды

Айзат Түмөнбаева