“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Аудио: Айылдык кеңештин биринчи сессиясын ким чакырат

10 Май 2021 жыл 23:33
Көрүүлөрдүн саны: 50

2021 — жылдын 11 — апрелинде 448 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 28 шаарда жана 420 айыл аймакта шайлоо өткөрүлгөн. Шайлоонун жыйынтыгы менен биринчи чакырылыштагы сессияны ким өткөзөт деген суроо менен Куланак айылынын тургундарына кайрылдык

Айыл эли жергиликтүү кеңешке талапкер болгон депутаттарды шайлаганы менен алардын биринчи чакырылыштагы сесссиясын ким өткөзөт деген суроого ар ким ар кандай пикирин айтты.

А.Аралбаев мектебинин ашпозчусу Жыргал эжеге кайрылганда ал такыр эле кызыкпайм деген пикирин билгизди.

Айыл тургуну Талантбек Иманов

«Менин оюмча аыйл өкмөттүн катчысы уюштурат болуш керек» — деген оюн айытты.

Ал эми Учкун айыл өкмөтүндө жоопту катчы кызматын аркалаган Тилебек Жумабаев агай төмөндөгүдөй баяндады

«Буюрса 21 депутат шайланып бүттү. Эртең мандаттарын алганы саат 9 чакырып жатат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын мыйзам боюнча кимиси жаш курагы боюнча улуу болсо ачып берет. Андан кийин кол топтоо менен төрөганы шайлап алат».

Учкун айыл өкмөтүнүн бирнече жолку чакырылышынын депутаты Назгүл Жумалиева төмөндөгүлөргө токтолду.

«Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылыштагы кеңештин төрөгасы тарабынан, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлагандан кийин 2 жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин 1 сессиясын, тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат. Жергиликтүү кеңештин бирин сессиясында жергиликтүү кеңештин төрөгасы жана орун басары шайланат. Туруктуу комиссиялар түзүлөт».

Эгер туура жана так маалымат алууну кааласаңыз макаладагы аудио сюжет менен таанышып чыгыңыз. Маалымат төмөндө:

https://youtu.be/OgdjJB8WkVU

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Айзат Түмөнбаева