“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Биринчи класстардын биринчи майрамы

10 Май 2021 жыл 23:17
Көрүүлөрдүн саны: 152

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев мектебинде 1- класстар үчүн алгачкы майрамдык класстык сааты өттү. Салт катары калыптанып калган «Алиппе майрамы» эпидемиологиялык абалга жараша өткөрүлбөй, чакан класстык саат катары өткөрүлүүдө.

Аталган мектепте  пандемиянын шарттарына байланыштуу 2020 — 2021 — окуу жылын мектептин босогосун  3 биринчи класстын окуучулары гана аттаган. 1 — сентябрда да коңгуроо кагылбастан ата — энелер балдарын мектептин дарбазасына чейин гана жеткирип берүү менен гана чектелген.

1б — классы

Декабрь айынан баштап мектеп салттуу окууга өткөнү менен учурдагы коопту абалга байланыштуу мектепте эч кандай майрамдык кечелер, чогулуштар өтүлө элек. Ошого байланыштуу быйылкы мектептин босогосун аттаган 1 — класстар үчүн «Алиппе» майрамы ачык класстык сааттар менен гана чектелди.

Класстык саатта окуучулар жыл ичинде үйрөнгөн ыр, макал, жаңылмачтарын айтып беришип, жазуу сабагынан диктант жана математика сабагынан эсептерди чыгарышты.

Сабак учуру

Орус тили сабагы. Мугалими Жыпара Сагындыкова

Биринчи класстар «Биринчи коңгуроо»  жана  «Акыркы коңгуроо»  салтанаттары жөнүндө түшүнүк ала алышкан жок.

 

Айзат Түмөнбаева