“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Тылда эмгектенген Чачыкей апа

11 Май 2021 жыл 0:36
Көрүүлөрдүн саны: 68

Улуу Ата Мекендик Согуштун оор күндөрүндө тылда иштеп, элибиздин тынч жашоосун түптөөгө салым кошкон Чачыкей апа 96 жашта.

Чачыкей апанын  жаш курагы согуштун каардуу күндөрүнө туш болуп, тылда эмгектен. Апа учурда 96 жаштын чайын ичип, төрдүн  көркү жана Куланак айылынын сыймыгы.

Чачыкей Дүйшөналиева апа

Жаш кезде эмне менен алектенген?

Турмушка чыккандан кийин жолдошу фермер болгонуна байланыштуу жайлоого барышып, кой туудурушуп, уй саап мал чарбачылыгы менен алектенген

Эсте каларлык күндөрү:

Колхоздун талаасында эгин жыйноо мезгилинде балдары жаш болгондуктан, (улуусу  2 де, кичүүсү бешикте) ар дайым жанына алып жүрчү экен. Бир күнү жыйнаган самандын түбүнө кичүүсүн жаткырып, улуусун жанына коюп талаада жумуш кылып жүргөндө улуу баласы ширенке жагып ийип, саман өрттөнүп, аз жерден эки баласы тең өрттөнүп кала жаздаган. Ошол эмгектенген кыз — келиндер жетишип  сактап калган экен.

Жашоодо өкүндүргөн нерсе:

Мектепте окуп жүргөн кезде комсомолго өтөбүз деп Куланактан Нарынга жөө барып, бардык чогуу окуган кыздар балдар жашыбызды бир жылга чоңойтуп жаздырганбыз. Бирок андан көп өтпөй кандуу согуш башталып калды. Эркек балдарыбыздын чыныгы жашы жете элек болсо дагы, кагаз түрүндө жашы жетип баарын согушка алып кетти.

Эч нерсени түшүнбөгөн жаш балдардын көпчүлүгү согуштан кайтпай калды. Биз, турмуштун ачуу — таттуусун  түшүнө элек жаш кыздар, тылдагы бардык жумуштарды аткарып калдык — деп эскерет өзүнүн жашоосун Чачыкей апа.

Ача-Кайыңды айылында 9-майга карата бир катар иш- чаралар өттү
Даткайым Орозакунова