“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Учкун айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңеш өз ишин баштады

21 Май 2021 жыл 23:44
Көрүүлөрдүн саны: 66

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө 11 — апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп, 21 депутат жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган.  Мандаттарын алган депутаттардын  алгачкы сессиясы болуп өттү

Учкун айылдык кенешинин 31-чакырылыштагы депутаттары мандаттарын алышып, расмий ишмердуулугун башташты.

талкуу учуру

Биринчи сессияны 30-чакырылыштын торагасы Эсен Исмаилович ачып берди. Кун тартибинде жаны кенештин торагасы жана орун басары, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү шайлоо маселеси каралды. Учкун айылдык кенеши 2 айылдан шайланып келген 21 депутаттан турат.

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Темирбек Мадылканов

Шайлангандардын 33% аялдар, мурдагы чакырылыштан кайра шайланып келгендер 9,5% түзөт. Депутаттардын эн улуусу 61 жашта болсо эн жашы 25 жашта.
Жаны депутаттык курам:


Тостоков Кылыч — айылдык кенештин төрагасы  болуп шайланды
Абдымаитов Эрнисбек
Абдыракманов Кылычбек
Асанбеков Нурсултан
Жумалиева Назгуль
Ишенбек уулу Стам
Кайыпов Бактыбек
Калдарбек уулу Абай
Касымбекова Назира
Кыдыралиева Назира
Мамырбаева Таалайкуль
Мамырбаев Касымакун
Мамеков Темир
Мудунов Таалайбек
Орозбеков Аксуубай
Орозкожо уулу Акай
Саадакеева Назгуль
Солпиева Айзада
Токсобаева Таалайкуль
Мусапов Жылдызбек
Усонов Рысбек
Ал эми сессиянын ачылышын төмөндөгү видеодон көрө аласыздар

https://youtu.be/fO1pf1UFHME

Айзат Түмөнбаева