“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылынын эң жаш ишкери

29 Май 2021 жыл 0:16
Көрүүлөрдүн саны: 133

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Бектур өзүнүн чакан ишканасын пандемия учурунда ачкан. Себеби окуусу онлайн форматта болгондуктан бош убактысын туура пайдаланууну чечкен.

Унаа жуучу жайды атасы Камчыбек Андашевдин демилгеси менен ачып, Бектур жетекчи болуп иштеп жаткан учуру.

Калпакчан Бектур Сарыгулов

Бектур Сарыгулов Нарын шаарындагы юридикалык колледжинин 3 курсунун студенти. Ал 2 жылдан бери окуусу онлайн форматта болгондуктан 10 – жыл мурун атасы чарбачылыкка колдонуу үчүн алып койгон машина жуучу аппаратты иштетүүгө өткөн.
Учурда ачык асманда жуугандыктан көптөгөн тоскоолдуктар жараларын баса белгилейт. Келечекте айыл тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн пескоблоктон курулуп, үстү жабылган унаа жуучу жайды ачууна максат кылып келет жаш ишкер.

Бектур жеке ишкерлик жана окуу менен гана алектенбестен, айылдын көйгөйлүү маселелерин чечүүдө “Демилгелүү жаштар” тобунун активдүү катышуучусу.

айылдын активист уландары менен

Жаш ишкердин алдыга койгон максаты өтө көп. Алардын бири айылдагы чакан унаа жуучу жайын чоңойтуп, жумушсуз жарандарга жумуш орду менен камсыз кылууну тилек кылыт.
Ал эми кызмат көрсөтүүдөгү коюлган баалар менен айыл тургундары макул.

«ДАТКА»УНАА ЖУУЧУ ЖАЙЫБЫЗ* кайрадан ишин баштады‼️
Баалар:
Женил машина(4кишилик)-200сом
Минивен-250сом
Ж.б көлөмүнө жараша баасы коюлат!
Иштөө убактысы- 10:00дон 18:00го чейин
Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!!!
Тел- 0709069036-БЕКТУР

 

Айзат Түмөнбаева