“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Санарип жашоодо китеп кананын абалы кандай

29 Май 2021 жыл 1:57
Көрүүлөрдүн саны: 89

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн 2 китепкана бар. Бири Учкун айылында жайгашса, бири Куланак айылындагы Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жайгашкан

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесинде орун алган китепкананын китеп фондусунда төрт жарым миң (4500) китеп бар.
Китеп кана атайын долбоорлор менен иш алып бааруу менен балдар үчүн “0 жаштан 12 жашка” чийинки жана “үй – бүлө ” менен китеп окуу деген атайын текчелери долбоордун алкагында китептерге толгон.

Ал эми китеп кананын фонду жылыга жаңыланып турат. Фондду жаңылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 000 сомдон бөлүнүп келсе, быйылкы жылы бюджеттен 20 000 сом карап беришкен. Бул акчага балдар үчүн энциклопедиялары жок болгондуктан баардык каражат энциклопедиянын түрлөрү үчүн жумшоону максат кылып жатам  — дейт китеп кана жетекчиси Бактыгүл Үсөнова

Бактыгүл Үсөнова

Азыркы учур санарип жашоо болгондуктан китеп кананын окурмандары кайсы куракта деп сураганыбызда төмөндөгүчө жооп алдык

долбоорлор менен келген оюнчуктар

— Көбүнчө мектеп курагындагы жаш балдар жана пенсия курагындагы окурмандар. 3 – 4 жыл мурункуга караганда окурмандар көбөйүп калды
— Окурмандардын суроо талабына китепкана жооп береби
— Дайым деле эмес. Кээде таппай калган учурлар болот. Ал учурда Нарын шаарынын китепканаларынан алып келүүгө туура келет. Анан көп суралган китептердин тизмесин жазып алуу менен бюджеттен бөлүнгөн акчага толуктап турам. Антпесем окурмандарымдын ишеничинен кетип калам да
Куланак айылынын тургуну Гүлмира Темирова китепкананын окурманы

Гүлмира Темирова

— Мен айылдын китепканасынан дайыма китеп алып окуп турам. Поэзия көп окуйм. Анан Ч.Айтматовдун томдорунан алам. Негизи эле китеп кананын шарттары канааттандырат. Эски муундун, жаңы муундун чыгармалары бар — дейт китеп сүйүүчү
16 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан китепканачы төмөндөгүлөрдү баса белгилеп кетти

Куланак айылынан чыккан жазуучулардын чыгармалары менен 1 текче толтурулган

— Негизинен китепканага неберелерин ээрчитип чоң – энелер көп келет. Анан өздөрүнүн жаш курагына жараша китептерден алып кетип турушат.

 

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер фонддун көз карашын чагылдырбайт. 

Айзат Түмөнбаева