“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Пандемия окуучулардын өнүгүүсүнө таасир бере албайт

29 Май 2021 жыл 23:10
Көрүүлөрдүн саны: 91

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде дебаттык турнир болуп өттү. Турнирге жалпысынан 70 катышуучу катышып, орус жана кыргыз тилдүү командалар оюн көрсөттү.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу уюштуруучулар бардык эрежелер сакталат деп кепилдик беришип, Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан  уруксат кагаз алуу менен, өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышып, дебаттык турнир старт алды.

Активдүү катышуучулардын жана жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары

Борбор Азиядагы Дебат ассоциациясынынан Ширин Бакытова Нарын өкүлчүлүгүнөн иш алып барып келет. Дебаттын максаты жана жаштар үчүн пайдалуу жактарын баса белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.
Дебаттарды балдар арасына жайылтабыз. Сынчыл ой- жүгүртүүгө, лидерлик сапаттарга, чечен кеп маданиятын жакшыртуу жана ошондой эле өздөрүнүн жашап жаткан жамааттарында дебат инструменттерин колдонушуп, өздөрүнүн жашоосуна тың болуу. Жалпы жонунан коомго пайдалуу болушуна шарт түзүп берүүгө салым кошуу деп эсептейбиз.
Быйылкы жылы Миң Булак жана Учкун айыл өкмөттөрү менен иш алып барып жатабыз. Дебат 2 форматта ойнолот: АПФ менен БПФ деп. Азыркы учурда кыргызстанда БПФ форматы өнүккөн. Себеби, Британ парламенти деп аталат. Мүмкүнчүлүктөрү кенен 4 столдо ойношот.

Ширин Бакытова

№8 Арстанбек Буйлаш атындагы орто мектебинин окуучулары  Иличбек кызы Назик жана  Малика Жоламановалар дебат адилеттүү, калыстык менен өтүп жатканын баса белгилеп кетишти.

Куланак, Учкун айылдарынын ментору Азамат Жанузаков бүгүнкү турнир боюнча төмөндөгүлөргө токтолду:

Жеңүүчүлөр менен Азамат Жанузаков

Жалпысынан Нарын шаары, Нарын жана Кочкор райондорунан, 9 айылдан келди 36 команда, 70 катышуучу катышып жатат. Турнирди колдогон IDIE уюму. Пандемияга байланыштуу, тартиптүү  сактоо үчүн астынкы кабаттан 5 класс, үстүнкү кабаттан 5 класс дайындалып, санитардык эрежелер сакталды.

турнир учуру

Дебат турниринин активдүү катышуучулары баалуу белектер менен сыйланышып, 1 кыргыз тилдүү жана 1 орус тилдүү командалар жеңүүчү деп табылып кубок менен сыйланышты.

жеңүүчүлөрдү сыйлоо учуру.

Алар Абдылда Аралбаев мектебинин окуучулары Жаркынай Эсенгулова, Альбина Болотбек кызы.

ак көйнөкчөн Жаркынай Эсенгулова, Альбина Болот кызы

 

Алтынбек кызы Наргиз, Сагын Абдыраимова, Айзат Түмөнбаева