“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Апаларды куттуктап

6 Июнь 2021 жыл 23:45
Көрүүлөрдүн саны: 101

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин Куланак айылынан шайланган 11 депутаты  алагачкы иш чарасын айылдагы апаларды куттуктоо менен баштады. Негизи таанышуу жана эл менен жакын мамиледе болуу үчүн айылдагы Тамара Жумакаева атындагы клубка иш чара өткөрүү планданган. Учурдагы коопту абал эске алынып, айылдын эң ак сакалдуу апаларына  сый көрсөтүп, ар биринин үйлөрүнө барып куттуктоо жана белектерин берип кайтышты

96 жаштагы Чачыкей апа жергиликтүү кеңештин депутаттары менен

Жергиликтүү  кеңештин депутаттары шайланып келгенден кийин эң жакынкы майрам бул «энелер күнү» болгон. Андыктан таанышуу максатта айылдын апалары алгачки иш чарабызды апаларга арнайлы деп депутаттар сүйлөшкөнбүз. Бирок мандаттарыбыз кеч тийип, айылдагы клуб авариялык абалда, пандемиянын себептерин эске алып, чукул аралыкта болуп калганына карабай, айыл өкмөттөн 7 апанын маалыматын алып, үйлөрүнө барып келдик дейт Куланак айылынын тургуну жана 2 чакырылышта удаасы менен шайланган депутат  Назгүл Жумалиева

Асипа Басылбекова апа

Аписакан апа

Ширин Калбаева апа

Ал эми үйдө жок болгон апаларыбызга келини, кызы жана жолдошу белектердикабыл алды

Бурулуш Эсеналиева апанын келини Зууракүл Базаркулова

Рапия Сокеева апанын кызы Асылкүл Бейшекеева

Бүбү Кадыркулованын жолдошу Темирбек Тостоков

Белектер атайын жылуу жууркан жана чачылуу ак жоолук болду.

Эң алгачкы ишибизди буюрса жетинин  бири кыдыр деп 7 апанын батасын алуу менен баштап алдык. Буюрса келечекте айылдын апалары, жаштары негизи эле тургундары үчүн кызмат кылууга даярбыз. Оору сыркоодон алыс болуп, коопту абалдан чыксак айыл эли менен тыкыз иш алпарсак деп баарыбыз тилек кылып жатабыз — дейт маектешибиз Назгүл Жумалиева

Ал эми төмөндөгү видео Куланак айылында кызмат өтөп, учурда небере, чөбөрөлөрдүн жетелеп, бактылуу карылыктын доорун сүрүп жаткан апаларга депуттардын  атынан арналат.

https://youtu.be/0S604-0j2lY

 

Айзат Түмөнбаева