“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Айылда абал тынч

11 Июнь 2021 жыл 17:55
Көрүүлөрдүн саны: 54

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө «ковид — 19» пандемиясын алдын алууда атайын буйруктар менен иш алып барып жатат

Учкун айыл аймагына  Учкун жана Куланак айылдары карайт. Эки айылдын жалпы  тургундарынын саны 6755.

4 -май 2021 — жылдын №24  буйругунда калктын саламаттыгын кароо максатында «Ковид — 19» жана өзгөчө кырдаалга байланыштуу 2021 — жылдын бюджетинен пайдаланууга бөлүнгөн каражаттарын жана мобилдик топту түзүү жөнүндө буйрук чыккан.

Буйрукта Учкун айыл аймагында Ковид — 19 жана өзгөчө кырдаалга байланыштуу төмөндөгү курамдагы мобилдик топ түзүлгөн.

  1. Анара Балтабаева — социалдык маселелер боюнча адис, комиссиянын төрайымы
  2. Сайрагүл Асанова — Үй -бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери
  3. Стам Ишенбек уулу — жаштар уюмунун төрагасы, жергиликтүү кеңештин депутаты
  4. Аза Тилекматова — Тамара Жумакаева атындагы маданият үйүнүн директору
  5. Кенжебек Иманов — Куланак айылынын имаамы
  6. Айбек Муңайтбасов — милициянын ага лейтенанты
  7. Назарбек Мусалиев — Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалимими

Жогоруда түзүлгөн мобилдик топтун төрайымы Анара Балтабаева төмөндөгүлөргө токтолду:

«Негизи айылда абал тынч. Андай болгон күндө дагы айылдын ватсап группаларына айыл өкмөттүн кеңсесине жана көчөлөргө атайын эки айылдын дарыгерлеринин жана мед кызматкерлеринин мобилдик телефондорун кагазга чыгарып ар жерлерге илдик, кандай учур болсо дагы элде байланыш бар болсун деген максатта».

 

Айзат Түмөнбаева