“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ооруну алдын алуу үчүн иммунитетти чыңдоо керек

12 Июнь 2021 жыл 15:04
Көрүүлөрдүн саны: 45

2020 – жылдын июнь, июль айларында ковид – 19 менен ооруган адамдардын саны күн санап өсүп, элдерге кандайдыр бир коркунуч жаратып келди. Ошол учурда оору менен алышып кызыл зонага жатып чыккан бейтаптар менен маек курдук.

Каармандарыбыздын бири Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын Куланак бөлүмүнүн бөлүм башчысы Майрам Койчиева.


2020 – жылдын июнь айында ооруп калдым. ПСР тест тапшырсам таза чыкты. Анан жумушка барып келип жүрдүм. Бирок өзүмдү жаман сезип, шалдырап жаттым. 9 – июлда оорум күчөп кетип, Нарын облустук ооруканага кызыл зонага барып дарыландым. Дарылануу процесси протоколдун негизинде жүрөт. Ошол убакта психологиялык жабыркоо өтө болду. Оорудагы өлүм дагы көп болуп жатты. Оорулууларда өзүнчө коркуу сезими, кооптонуулар болуп, психикалык атака болуп жатты. Менде деле бул сезимдер болуп, кислороддук аппаратка жатып калдым. Август айында обочолонуу менен жүрүп, 1 ай 22 күн кайра өзүм кызыл зонада иштеп, 14 обочолонгон абалда болуп, кайра Куланак бөлүмүнө ишке келдим. Учурда абалым жакшы.

Ал эми кийинки каарманыбыз Куланак айылында туулуп, учурда Бишкек шаарында жашап жаткан Шарипа Майлыбаева. Ал 67 жашта. Былтыр оору күч алган мезгилде Шарипа апа 2 өпкөсүнөн пневмония деп кызыл зонага кирип дарыланып чыккан. Өзүнүн жаш курагындагы адамдар ооруну тез жуктуруп алуусу толук мүмкүн экенин баса белгилейт.
«Негизи ковид – 19 га чалдыгып калганымдын бирден бир себеби стресске кабылып, ушундан иммунитетип түшүп кетип, жуктуруп алдым деп ойлойм. Кичүү бир тууганым ооруп ошого кайта- кайта Бишкектен Нарынга барып келип жатып, үчүнчү жолу барганымда ушул ооруга кабылып калдым.

Нарында аба бийик эмеспи, дем ала албай, демигип калсам ойлодум аба бийик болуп калдыго деп көңүл бурган эмесмин. Себеби, элдикиндей болуп, жыт билбей калган эмесмин. Анан жөтөлүп, дем ала албай калганда Куланактын больницасына барып, 3 күн дары, антибиотик алдым, бирок жылыш болгон жок. Анан агам кеткиниң деп Бишкекке жиберди. Чүй облустук больницасына карайбыз биз, ошол жактан ренгенге түшкөндө эле эки өпкө тең пневмония болуп калыптыр, ошол замат ооруканага жатыңыз деп жолдомо берди. Улуттук госпиталдын урология бөлүмүн кызыл зона кылып, элди дарылап жаткан ошого эң акыркылардан болуп кабылып калдым. 4 адам 1 палатага жаттык.

Киндигибизге ар түрдүү дарыларды куюп жатышты. Ошол кезде эл аябай көп ооруп, бир түндө15 ке чейин адам өлүп калып жаткан учур болчу. Үстүбүзгө кайра көп оорулар келе баштаганда врачтар ачык эле айтты “оорулулар көп болуп жатат, макул десеңер силерди чыгарып, ордуңарга киши алалы” дешти. Анан макулдугубузду берип чыгып кеттик. Бирок биздин кагазга өздөрү чыгып кетти деп жазып коюшуптур.
Бүгүнкү күндө Шарипа апа ден соолугун бекемдөө үчүн “Чуңкурчак” жайлоосунда деп алып жүргөн мезгили.


Азыр акыбалым жаман эмес. Өзүмдүн иммунитетимди көтөргөнгө аракет кылып, курортторго бардым, убагы менен туура тамактанып, чөп чар менен дарыланып жүрүп, ден- соолугум жакшы эле. Пандемия болуп жаткан учурда баарыбыз эле айтып жатабыз өзүңдү өзүң сактап, негизи иммунитетти түшүрбөө жана стресске кабылбоо керек экен. Стресстен иммунитет түшүп кетип, адам бат кабылдайт экен. Мен өзүмдөн улам ушуну билип калдым.

Нарын облустук ооруканасынын Куланак бөлүмүнүн башкы дарыгери төмөндөгүдөй кеп кеңешин айтат.

Ооруну жугузуп албоо үчүн ар бир адам санитардык гигиеналык абалды сактоо керек. Беткап тагынуу, обочолонуп жүрүү, антисептикалык каражаттарды колдонуу. Ковид – 19 пайдасы бир пайдасы элдердин гигиеналык абалдары абдан жакшырды. Мурункудай көп – көп жолугушуу, той- торополорго чектөө жүргүзгөндөрү элге жакшы болду.

 

Айзат Түмөнбаева